ЖҮРӨГҮ КЫРГЫЗ ДЕП СОККОН ЕКАТЕРИНА
- 20.01.2023
- 0
Кыргыз тилин суудай билген Екатерина Мухортова 23 жашта. Ал – Бектурсун Алымов атындагы №39 мектеп-гимназиясында башталгыч класстар үчүн орус тили жана орус адабияты сабагынын мугалими. Келечекте кесиптик чеберчилигин жогорулатып, орус класстарга кыргыз тилинен сабак берүүнү максат кылат. Учурда магистратурада окуп жаткан кези.
Екатерина Евгеньевна – Беш-Күңгөйдүн кызы, И.Таранчиев атындагы Беш-Күңгөй орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Аны орус экенине карабай кыргыз тилинде оюн эркин жеткире алгандыгы, кыргыз тилин дайыма биринчи орунга койгондугу, кадырлагандыгы үчүн мектептин жамааты гана эмес, бүтүндөй айыл урматтап-сыйлайт.
— Кыргыз тилин бала чагымдан эле билем. Атамдын досторунун дээрлик бардыгы кыргыз улутундагылар болду. Конокко барганда алардын балдары менен ойноп, баарлашып жүрүп эле кантип кыргыз тилин өздөштүрүп кеткенимди билбей калыптырмын. Ыраматылык чоң атам да кыргызча жакшы сүйлөчү. Атам да кыргызча сүйлөйт. Апам, чоң апам, эжем кыргызча түшүнгөнү менен сүйлөй албайт. Үйдө орусча, кыргызча сүйлөшүп жүрө беребиз, — дейт Екатерина.
— Алгач мектепке кирерде абдан коркконум эсимде. Чоң апам “коркпо” деп мага дем-күч берип жатып келгем. Он күндөн кийин эле сабак өтө баштадым. Мектеп жамааты жылуу кабыл алып, кесиптештерим Венера Эсеновна, Майрам Жеңишовнанын колдоосунун аркасында кесибимди жакшы өздөштүрүп, иштеп кеттим. Мына, билинбей эле төрт жыл өтүп кетти, — дейт ал.
Каарманыбыз №39 мектеп-гимназия менен катар эле №71 мектепте да бир жыл эмгектенген. Иш күнүнүн биринчи күнүнөн баштап эле сабагын эки тилде алып барат. Себеби, окуучуларынын билим деңгээли төмөн болуусун, башка балдардан артта калуусун каалабайт. Өзүнүн убактысын аябай сабактан кийин да окуучулары менен өткөн темаларды талдап, кайрадан түшүндүрүп берет. Мугалим үчүн окуучунун жетишкендиги чоң ийгилик деп эсептейт.
— Мен бир балага суроо берсем жооп бербей, мени таңыркап карап отурду. Анан ары жактан бир окуучум орусча түшүнбөйт деп айтты. Сабактан кийин орусча түшүнбөгөн окуучумдан эмнени түшүнбөй жатканын сурасам, өзү билбей жаткан темаларды сурады. Ошол күндөн тартып ал окуучум менен кошумча иштедим. Азыр жетинчи класска келди, орус тилинде таза сүйлөйт. Балдарга ашыкча убакыт бөлүү мага оор эмес. Мугалим үчүн окуучунун теманы түшүнгөнү маанилүү. Сабакка жөн эле келип, кечке отуруп калбашы керек, — дейт ал.
Орус үй-бүлөдө өсүп, орус мектепте окуганы менен жаш мугалим кыргыз тили үчүн күйгөн адам. Кыргыз досторунун орус тилинде сүйлөгөнүнө жинденип, аларды эне тилинде баарлашууга үндөп, урушуп да коет. Мектепте окуп жүргөндө да классташтарынын арасында кыргызча жооп берген жалгыз окуучу болгон. Кээде кыргызча билбеген классташтарын “кантип кыргыздар, өз тилиңерди билбейсиңер?” деп уяткарып да койчу. Ал тургай жалаң кыргызча сүйлөп жүрүп, орус тилин такыр эле унутуп калган учурлары да болгон. Ал качан да болсо Кыргызстанда жашап, кыргыз тилин билгени үчүн башын бийик көтөрүп, сыймыктануу менен жүрөт. «Орус келе жатат» деп тийишкендерге «Мен кыргызмын, анткени кыргыздар сары жана көк көздүү болгон», — деп жооп берчү.
Екатерина өзү визажист болууну кыялданчу. 9-классты аяктап жатканда сулуулук жаатындагы окууга тапшырам деп ойлогон. Бирок чоң апасы ага жол көрсөтүп, мугалимдик кесипти тандоону сунуштаган. Чоң апасынын өтүнүчүн четке кага албаган Екатерина И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин лицейине “өтсөм өтүп калдым, өтпөсөм кайра жакшы” деп тапшырып, кудайдын буйругу экен экзаменден өтүп кеткен. Мугалимдик кесиптин даамын татып, ага болгон кызыгуусу улам артып, лицейди бүткөндөн кийин жогорку билим да алды. Учурда магистратурада 1-курста окуп жатат. Магистратураны аяктагандан кийин орус класска кыргыз тилинен сабак берүү үчүн квалификациясын жогорулатууну максат кылууда.
– Тилекке каршы, шаардык балдардын дээрлик баары кыргызча билмек түгүл, эмне деп сүйлөп жатканыңды түшүнбөйт. Мен дайыма биринчи орунда кыргыз тили турсун дейм. Бир гана кыргыздар эле эмес, орустар да кыргыз тилинен сабак беришин каалайм. Биз Россияга барганда тек гана орус тилинде сүйлөшөбүз. Келечекте бир методиканы иштеп чыгып, Россияда кандайдыр бир себептер менен отурукташып келбей калган, орусча окуп эне тилин билбей калган кыргыздарга да кыргызча үйрөтсөм деген тилегим бар. Мага кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган орус мугалимдер көп кайрылат. Аларга каалооңор болсо бат эле өздөштүрүп кетерин айтам, — дейт жаш мугалим.
Екатеринанын мугалимдик карьерасы лицейди бүтүп, университетке тапшырган учурдан башталган. №39 мектеп-гимназиясында иштөө сунушун укканда, тажрыйбасынын жоктугуна кейип, мугалимдик кесипти кантип алып кетип, кандай мугалим болорун ойлонуп, коркуу сезими күч болгон.
Мугалимдин бул ыкмасын билген ата-энелердин көпчүлүгү 1-класска кирчү кийинки балдарын атайын Екатеринага алып келишет. Ата-энелерден “балам орусча жакшы сүйлөп калды” деген ыраазычылык сөзүн укканда сүйүнүчү көккө жетип, жолдошу менен тең бөлүшүүгө ашыгат.
Жүрөгү кыргыз деп соккон орус кызы беш жыл арзышып жүрүп кыргыз жигитине, өзүнүн классташына турмушка чыккан. Жолдошу тиш доктур. Экөө бирин-бири бала кезинен жакшы билгендиктен, эки тараптын жакындары үйлөнүүлөрүнө каршы болгон эмес. Кээде жолдошу орус тилинде сүйлөсө, “кыргызча сүйлө” деп урушуп да коет.
Екатерина кыргыздын салт-санаасы, үрп-адаттарын жакшы билет. Кыргыз тамактарын жакшы жасайт. Ага тескерисинче, орус тамактары өөн болуп калган. Кыргыз комузун үйрөнүүнү да каалап, атайын ийримге барган. Бирок музыкалык шыгы жоктугунан улантып кете алган эмес.
Каарманыбыз заман менен кошо тең жарышкан, санарип мугалим гана болбостон, ТикТоктун да активдүү колдонуучусу. Баракчасына кыргызча ыргактар коштолгон роликтерди тартат. Түз эфирди кыргыз тилинде өткөрөт. Катталуучуларынын айрымдары кыргызча суудай сүйлөгөнүнө таң калса, көпчүлүк бөлүгүнөн “Азамат, бактылуу бол” деген алкоо сөздөрүн угат.
Айгерим Токтобева «КУТ БИЛИМ»
Комментарийлер