ӨЗГӨЧӨ МАКАМ АЛГАН ОШМУнун ОТЧЕТУ

  • 21.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын жыйынында  Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2022-жылдын 18-июлундагы Жарлыгы менен берилген Өзгөчө статус алган окуу жайлардын ректорлору бир жылда аткарылган иштеринин жыйынтыгы тууралуу отчёт беришти. Мындай статус алган ОшМУнун ийгиликтери тууралуу окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков презентация жасады.

ӨЗГӨЧӨ МАКАМ АЛГАН ОШМУнун ОТЧЕТУ

«Laar Eurasian University-2022» эл аралык Евразия мейкиндигиндеги эң мыкты университеттердин жыйынтыгы боюнча 3-орунду ээлеген, Кыргыз Республикасынын “ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги” программасынын жыйынтыгы боюнча беш жыл катары менен 1-орунду бербей келген  ОшМУда жалпы 49.819 студент билим алат. Анын 13 522ин алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк студенттер түзөт.

ЭЛ АРАЛЫК КОШ ДИПЛОМДУУ БИЛИМ

Өзгөчө макам алгандан тартып 30дан ашуун эки тараптуу кызматташуу келишимин түздү.  Мисалы, Бруней, Кадис, Марбург, Милан, Батыш-Чех Боегмия, Пуатье, Памуккалье, Сивас Жумхуриет ж.б университеттер менен академиялык мобилдүүлүк жана кош дипломдуу билим берүү программалары алкагында келишимдер түзүлдү.  Тактап айтканда, алгачкы жолу ОшМУда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби түзүлүп, эки жыл ОшМУда, эки жыл чет өлкөдөгү окуу жайда билим алып, эки университеттин дипломуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

ӨЗГӨЧӨ МАКАМ АЛГАН ОШМУнун ОТЧЕТУ

МОБИЛДИК ТИРКЕМЕЛЕР

Окуу жайдын окутуучулары, студенттери үчүн атайын ОшМУ студент, ОшМУ окутуучу, Электрондук журнал ж.б тиркемелери иштелип чыкты. Студент окуу жайга тапшырып, колуна диплом алганга чейинки процесстин баары санариптештирилди.  Студенттер сабактардын жүгүртмөсүн, сабактарга катышуусун, сессиянын жыйынтыгын ж.б. баарын онлайн форматта көзөмөлдөй алат.

ОшМУнун программисттери тарабынан 40тан ашуун университеттин факультет, колледж, мектеп-гимназияларынын, структуралык түзүмдөрдүн сайты иштелип чыкты. Программалар КРдин Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан тастыктоочу күбөлүккө ээ болду.

ОКУТУУЧУЛАРГА КОШУМЧА КАРАЖАТ

Окутуучулардын эмгек акысына кошумча каражатты аныктоону диверсификациялоо аркылуу эффективдүүлүктү жогорулатуу, стимулдаштыруу жана илимий изилдөө иштерине окутуучуларды тартуу максатында электрондук өздүк баракча системасы иштелип чыкты. Анда окутуучулардын атайын бекитилген критерийлери аркылуу рейтинги упай менен аныкталып, алган упайына жараша эмгек акыга кошумча 10 миң сомго чейинки өлчөмдө каражат түшөт.

Система аркылуу 2022-жылы 113 кызматкерге бир миллион 213 миң сом төлөнсө, 2023-жылы 206 кызматкерге эки миллион 332 миң сом төлөндү.

СТАРТАП ДОЛБООРЛОР

ОшМУнун “Жаштар Бизнес” паркына 2022-2023-жылы жалпы 1200дөн ашуун долбоор келип түшсө, анын 329 стартап-долбоорду инвестор тандап алып, 39у инвесторлор тарабынан каржыланды.

МЕДИЦИНАДАГЫ КИРЕШЕ

ОшМУнун медициналык клиникасына 64 кызматкер жумушка кабыл алынды. Санитардык китепчелерди толтуруу менен медициналык жана профилактикалык текшерүүнү өткөрүү укугу алынды. Медициналык клиника тарабынан 2022-жылы 16316 жаранга медициналык кызмат көрсөтүлүп, 20 миллион 398 сомдук киреше алып келди. Операциялык, жандандыруу, хирургиялык бөлүмдөр, стоматология ишке кирди.

ӨЗГӨЧӨ МАКАМ АЛГАН ОШМУнун ОТЧЕТУ

КЛАССИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕН – ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮККӨ ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО

ОшМУну улуттук изилдөөчү университетке трансформациялоого карай окуу жайда Илим менеджментинин системасын модернизациялоо багытында бир канча структуралык бөлүмдөр түзүлүп, иштей баштады.

  • Илим-изилдөө бөлүмү,
  • Аспирантура жана PhD бөлүмү
  • «Билим» басмакана жана «Илимий басылмалар» секторунан турган Редакциялык басма бөлүмү
  • Жаш окумуштуулар кеңеши
  • Студентттик илимий коому,
  • Илимий жана ресурстук борборлор, лабораториялар ж.б. 

SCOPUS тагы ИЛИМИЙ ЭМГЕКТЕР

2022-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосунда Scopus эл аралык илимий-метрикалык маалыматтар базасына жазылуу укугун алуу үчүн консорциум түзүлгөн жана келишимге ылайык ОшМУнун провайдерлиги менен конкурска коюлуп, ишке ашырылууда. Буга чейин 2-этап менен конкурс өткөрүлүп, аткаруучу тандалган. Илимий-метрикалык базасына кирген илимий журналдарга чыккан илимий макаланын саны 2021-жылы 177 гана болсо, 2022-жылы ага 51 макала кошулуп, жалпы 228ге чыкты. 2023-жылы алты айдын ичинде 249га жетти. Scopus  илимий-метрикалык базасына кирген илимий журналдарга чыккан илимий макалаларга цитирлөөнүн жалпы саны 2021-жылы 184, 2022-жылы 265, 2023-жылы (алты айдын ичинде) 332 болду.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу жайлардын арасынан биринчилерден болуп, 2022-жылы ОшМУнун аспирантурасына 15 тармак боюнча 101  адистикке лицензия берилди. 2022-2023-окуу жылына карата PhD докторантура программасына беш лицензия алды.

ОшМУ EIFL консорциумунун мүчөсү катары MSP математикалык журналдарынын электрондук топтому ресурсун акысыз пайдалануу укугуна ээ болду.

ӨЗГӨЧӨ МАКАМ АЛГАН ОШМУнун ОТЧЕТУ

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Жыл сайын 500гө жакын студент (магистрант), 300гө жакын окутуучу академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү 282 университетке барып, тажрыйба алмашып турат.

Бөлүшүү

Комментарийлер