ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
- 13.05.2025
- 0
2025-2026-окуу жылына бюджеттик жана келишимдик негизде 9- жана 11-класстын базасында абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
Жыпара Иманканова,
окуу жайдын директору
Адистиктер:
050709 «Башталгыч класстарда окутуу» — күндүзгү жана сырткы окуу бөлүмү. ( 9-кл. бюджет, контракт)
190701 «Авто унааларда жүк ташууну башкаруу жана уюштуруу» — күндүзгү жана сырттан
080110 «Экономика жана бухгалтердик эсеп» — күндүзгү жана сырттан
050704 «Мектепке чейинки билим берүү» — күндүзгү жана сырттан
(9-кл. бюджет, контракт)
050721 «Дене тарбия мугалими» — күндүзгү жана сырттан
050503 «Технология» — күндүзгү (11-кл. бюджет)
260903 «Тигүү буюмдарын моделдөө, конструкциялоо жана технологиясы» — күндүзгү
100105 “Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу”- күндүзгү (бюджет, контр.).
230109 “Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо”- күндүзгү
050303 “Чет тили” күндүзгү окуу бөлүмү (Башталгыч класстардын англис тили мугалими).
Кесиптик окутуу “Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу” күндүзгү (2 ж. 6 ай) квалификациясы “Өндүрүштүк окутуунун мастери– менеджер”
Окуу мөөнөтү:
Сырттан окуу бөлүмү:
11-кл. үчүн — 2 жыл 6 ай;
11-кл.үчүн күндүзгү — 1 жыл 10 ай;
9-кл. үчүн — 2 жыл 10 ай.
Компьютер кабинети, спорт залы, окуу залы, электрондук китепкана, жатакана бар.
Окуу төлөмү (контракт) 18000 сом
Окуу жай кошумча билим берүү программаларын ишке ашырат;
Кыска мөөнөттөгү курстар:
- “Конструктор-модельер”- окуу мөөнөтү 3 ай
- “Персоналдык компьютерди колдонуу” — окуу мөөнөтү 2 ай
- “Администратор”- окуу мөөнөтү 1 ай
- “Экскурсовод” — окуу мөөнөтү 1 ай
- “Ишкердүүлүк” — окуу мөөнөтү 1 ай
- “ Орто жана башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө кадрларды кайра даярдоо курсу” даярдалат. Региондогу окуу жайлардын инженер-педагогдору кайра даярдоо курсунан өтүп, “Педагог” квалификациялык күбөлүккө ээ болушат. Окуу мөөнөтү 6 ай, күндүзгү жана аралыктан окутуу
Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү окууну 2-3-курстан баштап И.Раззаков атындагы КМТУ, Ж.Баласагын атындагы КМУУ, И. Арабаев атындагы КМУ, Чүй университети, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ ж.б. жогорку окуу жайларында уланта алат.
* Мугалимдик кесипке ээ болуп чыккандар атайын иш орундары менен камсыз болушат.
* Студенттер заманбап окуу аудиториялары, жатакана, ашкана жана электрондук китепкана менен камсыз болушат.
* Бюджеттик негизде, педагогикалык багытта окуган отличник студенттерге (1440 сом), башка багыттагы студенттерге (720 сом) стипендия берилет.
* Колледжде окуп жаткан учурда жеңилдетүү менен айдоочунун күбөлүгүн да алып чыга алышат.
Ар бир адистик боюнча практикаларды өткөрүүнү окуу жай өз мойнуна алат. Мындан сырткары үч адистик боюнча окуу-өндүрүштүк комплекстеринде жумуш ордунда окутуу жогорку деңгээлде ишке ашырылат.
Окууга кирүү үчүн колледж төмөнкү документтерди талап кылат:
► Билими жөнүндө документ; (аттестат, күбөлүк) түп нуска
► Паспорттун же туулгандыгы тууралу күбөлүктүн көчүрмөсү
► Мед.справка №086
► 063 мед.картанын көчүрмөсү (9-кл.)
► Сүрөт 3х4 – 4 данаа
Кошумча кесиптик билим берүү
- “Мейманкана иши” программасы боюнча башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагында иштегенкызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курсу (окуу мөөнөтү – 72 саат)
- “Маалыматтык технологиялар жана программалык камсыздоо” программасы боюнча башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курсу (окуу мөөнөтү – 72 саат)
БИЗДИН ДАРЕК: Ж.Аманбаев көчөсү №208,
Телефондор (03944) 4-00-59, 4-01-39, 4-00-75
жооптуу катчынын телефону: 4-01-63 0702 07 11 07; 0505 91 91 69
e-mail: [email protected] сайт:www.ikipk.kg
Комментарийлер