ЫМУДА ӨТКӨН БИЛИМ КҮНҮ

  • 01.09.2022
  • 0

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жана колледждинде Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар студенттердин катышуусунда кызыктуу өттү.

Окуу жайдын администрациясы студенттерди, мугалимдерди жана жалпы эле билим берүү тармагынын кызматкерлерин Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

ЫМУДА ӨТКӨН БИЛИМ КҮНҮ

Биринчи сентябрь — окуучулар сыяктуу эле студенттерге да өзгөчө майрамдык маанай тартуулаган кубанычтуу күн. Мына ушул күндөн баштап студенттердин билимге, жаңы жетишкендиктерге жана активдүү жашоо позициясын калыптандырууга белгисиз, кызыктуу жана ошол эле учурда татаал жол башталат.

Студенттик жашоо – бул билимге жол ачкан кызыктуу жолугушуулар, жаңы тажрыйбалар жана ачылыштар.

Жашоонун жаңы, ары кызыктуу, ары табышмактуу барактарын баштаган биринчи курстун студенттерин өзгөчө сезимдер менен куттуктайбыз. Балдарынын жашоодогу кыялдарын ишке ашырууга мүмкүндүк берип, бардык шарттарды түзүп жаткан ата-энелерге таазим!
Быйылкы окуу жылы жаштарга билимдин бийиктиктерин багынтууда, өздөрүнүн асыл максатына жетүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачсын.

Бардык студенттерге эң жакшы бааларды, чечкиндүүлүктү жана жаңы, активдүү спорттук жашоону үйрөнүүгө умтулууну, чың ден соолук жана жакшы маанай каалайбыз!

Бермет АСКАР кызы,
Ысык-Көл мамлекеттик университети

Бөлүшүү

Комментарийлер