АТАКТУУ АЙТМАТОВ ТААНУУЧУ МЕНЕН СТУДЕНТТЕР ЖОЛУКТУ

  • 24.05.2018
  • 0

Кыргызпатенттин патенттик-техникалык китепканасында атактуу Айтматов таануучу А. Акматалиев борбор калабыздын жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушту.

АТАКТУУ АЙТМАТОВ ТААНУУЧУ МЕНЕН СТУДЕНТТЕР ЖОЛУКТУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн  90  жылдыгын улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде  өткөрүү боюнча  иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында  2018-жылдын 24-майында Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик техникалык китепканасынын имаратында кыргыздын кѳрүнүктүү окумуштуусу,  филология илимдеринин доктору, адабиятчы,  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев менен студенттердин “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы – кыргыз элинин байлыгы” аталышындагы жолугушуу кечеси болуп ѳттү.

Бул иш-чарага белгилүү жазуучулар Төлөгөн Мамеев, Мелис Абакиров, Маркабай Ааматов, ЖОЖдордун окутуучулары, илимий кызматкерлер жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышышты. Иш-чаранын ардактуу конокторунун бири болуп казак элинин белгилүү жазуучусу, сынчы, Казахстан Республикасынын эмгек синирген ишмери Сабит Досанов болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге Айтматовдун чыгармаларынын негизинде түзүлгѳн «Башкы каармандарын бил» аттуу викторина сунушталды, ага студенттер активдүүлүгү менен катышты.

Кыргызпатенттин кызматкерлери тарабынан китепкананын залында коюлган «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов» аттуу кѳргѳзмѳ катышуучулардын кѳңүлүн буруп, кѳргѳзмѳгѳ жакшы баа берилди. Иш-чаранын соңунда атактуу жазуучулардын китептерин алардын колтамгасы менен алууга мүмкүндүк түзүлүп, китептер унутулгус белекке айланды.

Гүлбара Кудайбердиева

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы                               

Бөлүшүү

Комментарийлер