НАРЫН ШААРЫНЫН 500 ТУРГУНУН КУБАНТКАН ЖАРДАМ

  • 30.03.2020
  • 0
НАРЫН ШААРЫНЫН 500 ТУРГУНУН КУБАНТКАН ЖАРДАМ

 Борбордук Азия Университети (БАУ) тарабынан берилген гуманитардык жардам үчүн Нарындын социалдык каруусу бош үй-бүлөлөрү ыраазылык билдирүүдө.

“Борбордук Азия Университети бүгүн биздин үйгө медициналык жабдык жана тамак-аш азыктары менен келгендиги бизге аябай кутүүсүз сүйүнүч болду жана ушул оор мезгилде көрсөткөн колдоосу үчүн абдан ыраазыбыз”, — деди Нарын тургуну .

НАРЫН ШААРЫНЫН 500 ТУРГУНУН КУБАНТКАН ЖАРДАМ

Ар бир үй-бүлөгө төмөндөгүдөй керектүү товарлар: бет каптар, антисептиктер, антибактериялык самындар, ун, кесме азыктары жана өсүмдүк майы берилди.COVID-19 таажы вирусу пандемиясынын шартында Нарын шаарынын мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, 500 үй-бүлө БАУдан азык-түлүк жана медициналык-гигиеналык буюмдарды алышты: бет каптар (2000 даана), колду жугушсуздандыруучу антисептиктер (500 литр) жана антибактериялык самындар (1500 даана), ун (2500 кг), кесме азыктары (1500 кг) жана өсүмдүк майы (500 литр). Бул жардам БАУ, Ага Хан Өнүктүрүү Уюму, Ага Хан Фонду жана Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкынын өнөктөштүгү аркылуу ишке ашырылды.

 

«Азыркы учурда дүйнө жүзүндөгү жалпы адамзаттын алдында чоң сыноо турат. Таажы вирусу илдетине каршы туруу үчүн даярдыктар болушу керек. Ошого карата биздин стратегиялык өнөктөшүбүз эл аралык уюмдардын ичинен биринчи болуп БАУ жардамга кол сунду. Эми башка чет элдик уюмдар да четте калбай БАУну өрнөк кылып салымын кошот деп ишенем. Баарыбыз биргелешип ушул илдетти жеңип, шаарыбыз кайрадан БАУнун студенттерине толуп шаңданып, бакубат жашоого жетебиз деген үмүттөмүн»-деди Нарын шаарынын мэри.

 

«Ага Хан Өнүктүрүү Уюму өзү иштеп жаткан республиканын бардык аймактарында COVID-19 вирусунун пандемиясын ооздуктоо үчүн зарыл чараларды көрүп жатат. Ошондой болсо да БАУ Нарын жергесине өзгөчө назарын бурат. Анын ичинен Нарын шаардык мэриясынын маалыматына ылайык аярлуу катмарга өзгөчө көңүл борборунда турат» – деп баса белгиледи БАУнун ректору, доктор, профессор С.Сохаил Х. Накви. — «Нарындагы керектүү товарлардын запастарынын чектелгендигин эске алуу менен жана жергиликтүү бийликке көмөктөшүү максатында аярлуу үй-бүлөлөргө зарыл жардам көрсөтүү менен ыкчам чараларды көрүүгө жардам берүү үчүн тамак-аш жана гигиеналык-медициналык буюмдарды Бишкектен Нарынга жеткирүүнү уюштурдук».

 

БАУ кампуста байкоо зонасын түзүү үчүн 90 орун даярдап, Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышын ооздуктоого аракет кылып жатат. Андан тышкары БАУ Нарын облусунун айыл аймактарындагы тикмечи айымдар жасаган олпок төшөктөрдү, жууркандарды, жаздыктарды жана шейшептерди сатып алды.

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров (сол жакта) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарынс облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов (оң жакта) БАУнун Нарын шаарындагы кампусундагы 90 керебеттүү орунга дайындалган жайды кыдырып көрүү учурунда.НАРЫН ШААРЫНЫН 500 ТУРГУНУН КУБАНТКАН ЖАРДАМ

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер