“КОЛДОН КЕЛГЕН АРАКЕТТЕР ЖАСАЛДЫ”: ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ НААРАЗЫ БОЛГОН АБИТУРИЕНТТЕРГЕ ЖООП

  • 21.07.2020
  • 0

2020-жылы Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) жана Жалпы республикалык тесттин тапшырмаларын иштеп чыгып, аны өткөргөн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) өлкөдөгү оор кырдаалга карабастан, бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайларына өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн болгон аракетин жумшады. Быйыл аз упай       алып калган абитуриенттер социалдык тармактарга нааразычылыктарын билдирип чыгышты. Маселен, апелляция тууралуу, сынак тесттерде жогору упайларды алып, ЖРТда упайлар төмөн болуп калган жөнүндө, “Упайлардын сатылганы” жөнүндө, “Химия боюнча тапшырмалар өтө эле татаал”, “Силер бизге төмөн упайларды берип койдуңар”, “Босого упайларды төмөндөткүлө, ЖРТны жокко чыгаргыла”, “Тарых татаал экен, тапшырмаларды бардыгы Россия жөнүндө” ж.б.у.с. нааразылыктарын билдиришкен.

Бул жылдагы Жалпы республикалык тестти даярдоого жана өткөрүүгө бир гана ББОУБ жана ББИМ эмес, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, жергиликтүү башкаруу органдары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери дагы катышты. Абитуриенттер тестти коопсуз шартта тапшырып, өлкөнүн жогорку окуу жайларына онлайн өтүп, окуусун улантуу үчүн колдон келген бардык аракеттер жасалды.

Пандемиянын шарттары, ЖРТга каттоонун мөөнөтүнүн жана ЖРТны өткөрүү мөөнөтүнүн жылдырылышы; июнь айынын аягында, июль айында өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалдын кескин начарлашы – бул жагдайлардын баары чогулуп ЖРТнын өткөрүү жол-жоболоруна өз таасирин тийгизди.

20-июлда баштала турган жогорку окуу жайларына кабыл алуунун 1-туруна чейин ЖРТ сертификаттарын бериш үчүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору ЖРТнын бардык жол-жоболорун өтө кыска мөөнөттө өткөрүп жетишиши керек болду. Ушул шарттарга байланыштуу, адатта, жыл сайын ББОУБ 10-12 күндүн аралыгында өткөргөн абитуриенттердин упайларынын туура эсептелишин текшерүү боюнча консультацияларга калган убакыт өтө кыска болду, тактап айтканда, 3,5 күндү гана түздү. Бул учурда ББОУБнын дээрлик бардык кызматкерлери ооруп калган, шаарда унаа каттамдары токтоп, Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы шаар, облус аралык каттамдарга да чек коюлган.

 «Апелляция» жөнүндө        

Азыркы учурда абитуриенттер нааразы болуп жаткан текшерүүнүн өткөрүлбөшү чындыкка дал келбейт. Бирок ББОУБ эч качан абитуриенттер жана алардын ата-энелери талап кылган тесттин тапшырмаларын кайрадан чыгарып, тапшырмалардын чыгарылышын талдап чыккан “апелляцияны” өткөргөн эмес.

Жыл сайын ББОУБ ЖРТда эки процедураны дайым өткөрүп келет:

  1. Тест бүтөрү менен, жанында тест дептери бар болгон учурда пайда болгон суроолор же нааразычылыктар боюнча “так эместиктер формасын” толтуруу аркылуу тесттин тапшырмалары боюнча өз пикирин билдирүү укугу. Бул процедура толугу менен аткарылды; каалаган абитуриенттер форма толтуруп, пикирин жазып, алар менен борбордун кызматкерлери байланышып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
  2. Ал эми экинчи процедура, ЖРТнын сертификаттары берилгенден кийин, ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи туру башталганга чейин өткөрүлөт. Бул процедуранын маңызы – абитуриенттер ББОУБга ата-энеси менен келип, өз жооп барагында эч кандай өзгөрүү болбогондугун, упайлардын туура эсептелгенин текшерип, сертификатта көрсөтүлгөн упайларды компьютер санагандай (туура жооптор белгиленген калькалардын жардамы менен) өзү санап чыгуу боюнча консультацияларды алуу.

Өлкөдө болуп жаткан эпидемиялык абалдын начарлашына байланыштуу, коронавирустук инфекциянын андан да көп жайылышына жол бербеш үчүн, ББОУБ жогоруда жазылган процедуранын өткөрүү шартын өзгөрткөнгө мажбур болду. Анткени ЖОЖдорго кабыл алуунун 1-турунун башталышына аз калган убакытта (3,5 күндүн ичинде) Бишкек шаарында жашаган абитуриенттерге гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарында жашаган абитуриенттерге сертификаттарды алгандан кийин пайда болгон ар түрдүү көйгөйлөр менен кайрылып, консультация алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү маанилүү эле. Ошону менен бирге абитуриенттердин каттоо номерин жана тест дептеринин номерин (бул номерде абитуриенттин жазган тестинин вариантынын номери бар) туура толтуруу жана боёо боюнча текшерүүнү жүргүзүү өткөрүлдү.

Бул номерлерди толтурууда абитуриент ката кетирсе, анда упайларды эсептегенде дагы ката кетет, анткени абитуриенттин иши абитуриент боёгон вариант менен эсептелет. Мындай катаны табуу жана убагында оңдоо абитуриенттер үчүн абдан маанилүү. Өлкөнүн ар бир аймактарындагы абитуриенттер өз жооп барактарындагы аталган номерлерди боёгондо ката кетирбегенин текшерип, ушундай каталарды оңдоо үчүн ББОУБ телефон жана WhatsApp аркылуу консультацияларды уюштурду.  Ушундай консультациялар үчүн ББОУБнын кеңсесиндеги телефон менен бирге 7 телефон номери уюштурулган. Консультация өткөргөн адистердин ооруганына карабастан, телефон аркылуу байланыштар эртең менен башталып, түнгө чейин өткөрүлүп жатты. Жыйынтыгында жооп барагында дептердин варианты туура жазылып, бирок ката боёлгон үчүн абитуриенттин иши башка вариант менен эсептелген 10 абитуриенттин жооп барагы аныкталды.

ЖРТнын бардык процедуралары так жана ачык-айкын болушу үчүн 18-июль күнү ББИМ жана дагы башка мекемелердин өкүлдөрүнөн турган биргелешкен комиссиянын чогулушу өткөрүлдү. Ал чогулушта ката кылган ар бир абитуриенттин жооп барактарында кетирген каталары көрсөтүлүп, алардын иштерин туура санап берүү боюнча арыздары каралган. Комиссиянын чечими боюнча абитуриенттердин иштери кайрадан текшерилип, жооптору абитуриенттер чыгарган варианттар менен эсептелип, сертификаттары алмаштырылып берилген.

Ата-энелердин балдарынын тест дептерин жана жооп барактарын аларга көрсөтүп, аны кайра чыгарууга коюлган талаптары укуктук жактан туура эмес, анткени тестти тапшырган да, ЖОЖдорго өтө турган да – ата-эне эмес, абитуриент.

Жогоруда айтылгандай, тест учурунда тестти өткөрүп жаткан администраторлор абитуриенттерге стандартташтырылган кайрылууну окуп, эгерде абитуриенттер тапшырмалардын, жооптордун туура түзүлгөнүнө күмөн санап жатса же тапшырмалардын чыгарылышы боюнча тестти түзгөн адистерден консультация алууну кааласа, атайын “так эместиктер” формасын толтуруу процедурасы каралган. Бул формаларга абитуриенттер өз байланыш номерлерин жазып, тесттен кийин адистер ар бир кайрылган абитуриент менен байланышып, тапшырмалардын чыгарылышын талдап чыгышат.

Тесттен кийин (тапшырмаларды статистикалык талдоодон, абитуриенттер жазган так эместиктер формаларын кароодон кийин) тест тапшырмасында көйгөй жаралса, ал тапшырма эсептөөдөн алынып салынат да, ал эсепке алынбайт.

Сынак тесттерде жогору упайларды алып, ЖРТда упайлар төмөн болуп калган жөнүндө

ББОУБ үчүнчү чейректин аягына чейин бардык каалоочуларга сынак тесттерди өткөрүп жатты.

Андан тышкары ЖРТнын предметтик тесттери жана негизги тесттин бөлүмдөрү боюнча акысыз сынак тесттер ББОУБнын www.testing.kg сайтында да бар. Сайтта ЖРТнын расмий YouTube каналына да шилемелер бар. Ал жерлерде ЖРТга даярдануу үчүн бардыгы 149, анын ичинен 84 жаңы кыргыз тилиндеги видеосабактар жайгаштырылган.

ЖРТга даярдануу боюнча ББОУБнын сабактары ар түрдүү телеканалдарда дагы көрсөтүлгөн, ЖРТга даярдануу үчүн атайын түзүлгөн тиркемелер, платформаларга дагы акысыз чыгарылган: “Mega 24» жана «О» мобилдик операторлорунун платформасында. Ошол эле жерлерден ББОУБ даярдаган сынак тесттерден дагы акысыз өтүүгө шарт түзүлгөн.

Абитуриенттердин ББОУБнын сынак тесттеринде жогору упайларды алып, ЖРТдан төмөн алдык деген ырастоолору чындыкка дал келбейт, анткени ББОУБнын сынак тесттеринин жыйынтыктары упай менен эмес, тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруунун пайыздык катышында берилип, кайсы темалар боюнча дагы жакшылап даярдануу керектиги, кайсы билгичтикти өнүктүрүү керектиги боюнча кеңештер берилет. Сынак тесттердин максаты – тест тапшыргандарга өзүнүн даярдыгынын мыкты жана чабал жерлерин түшүнүүгө жардам берүү, кайталап, дагы окуш керек болгон темаларга абитуриенттин көңүлүн буруу.

ЖОЖдорго тапшыруу үчүн ЖРТнын жыйынтыктары бүткүл дүйнөдө кабыл алынган тестология илими боюнча адабияттарда жазылган методологиянын негизинде түзүлгөн упайлардын таразаланган суммасы түрүндө берилет. ЖРТнын негизги тести боюнча упайлардын таразаланган максималдуу суммасы 245 упайды, предметтик тесттер боюнча 150 упайды түзөт.

СЕКОМ, НОВА, РЕКОРД жана башка мекемелердин сынак тесттеринин жыйынтыктары упайлар менен берилгени менен, алардын ЖРТнын тапшырмаларына эч кандай тиешеси ЖОК.

“Упайлардын сатылганы” жөнүндө

19 жылдын ичинде ЖРТнын упайларын же сертификаттарын сатуу боюнча эч бир тастыкталган коррупциялык иш болгон эмес. Эл арасында упайлар сатылат экен деген ар кандай ушак-айың кептер көп, бирок бир дагы тастыкталган факты болгон эмес.

Ал гана эмес, бизди борборго ушундай маалыматтар түшкөн учурда, бизге упайларды же сертификатты сатты деп күмөн санаган абитуриенттердин аты-жөнүн, каттоо номерин берүүнү сурап, өз ара изилдөөнү өзүбүз өткөрөбүз, анткени биринчи кезекте биз өзүбүз ЖРТнын жана ББОУБнын аброюнун сакталышына кызыктарбыз.

ББОУБда тесттин купуялуулугунун бир катар процедуралары иштелип чыккан жана такай өркүндөтүлүп келет. Ошол процедуралардын так аткарылышы ББОУБ тарабынан да, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Акыйкатчы аппараты, коррупцияга каршы кызматтар, абитуриенттердин ата-энелери жана абитуриенттер тарабынан да көзөмөлдөнүп турат. ББОУБдагы бир дагы адам түзүлгөн тестке байланышкан  маалыматтын баарына ээ боло албайт. Тесттин бөлүмдөрүнө байланыштуу маалыматка да ээ болгон адамдардын саны дагы чектелген. Борбордун көпчүлүк кызматкерлери купуя маалыматты ача алышпайт.

Түзүлгөн тесттин даяр ачкычтары (ачкыч – тапшырманын туура жообу) бүт өлкөдө тест бүтмөйүнчө жана бардык жооп барактары сканерден өтмөйүнчө түзүлбөйт.

Жооп барактарынын баарын сканерге түшүрүп, маалыматтарды электрондук базага киргизгенден кийин, жооптордун ачкычтары түзүлө электе жана жыйынтыктар эсептеле электе, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, басма сөздүн, КР Коррупцияга каршы Кеңешинин өкүлдөрүнүн көзүнчө абитуриенттердин жооптору компьютердик дискке жазылат. Ошол диск банктын (негизи эл аралык банктын) сейфине салынат. Банк чөнөгүнүн (ячейка) ачкычы ББОУБнын кызматкерлери болбогон эки адамда сакталат. Негизинен, алардын бири Билим берүү жана илим министрлигинин, бири көз карандысыз уюмдун өкүлү болот. Ошол чөнөктү ачуу үчүн бир эле мезгилде ошол жерде аталган эки кишинин, ББОУБ өкүлүнүн жана банк кызматкеринин болушу талап кылынат. Чөнөк ачылган сайын, бул туурасында банктын журналына катталат. Диск Кыргызстандын бардык ЖОЖдорунда бардык абитуриенттерди кабыл алуу иши бүтмөйүнчө банкта сакталып турат.

Абитуриенттердин жоопторунун бул электрондук базасы өзгөртүүгө мүмкүн болбогон жана берилген жыйынтыктар менен ар дайым текшерүү мүмкүн болгон үлгү болуп эсептелет. Ошентип, маалымат базасындагы упайларды өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жоюлат.

Андан тышкары ар бир ЖОЖ кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин текшерүү үчүн ББОУБга жөнөтөт. Эгерде базада көрсөтүлгөн упайлар менен сертификаттагы упайлардын ортосунда айырма бар болсо, анда бул абитуриенттин тест тапшырганы жөнүндө териштирүү иштери жүргүзүлөт.

Бирок кээ бир абитуриенттердин жеңил ойлуулугунан пайдаланып, абитуренттерден акча алып, кийин таптырбай кеткен ар кандай алдамчылар бар экенин дагы эске алыш керек. Мындай алдамычыларга иш козголуп, тийиштүү чаралар көрүлгөн учурлар бар. Өзүнө ишендириш үчүн мындай алдамчылар ар кандай адамдардын аттарын айтып, ар кандай мекемелерди аташы мүкүн. Бирок бул алдамчылар, албетте, “упайды дагы жогорулатпайт” жана акчаны дагы кайтарып бербейт. ББОУБнын сайтында алдамчылар жөнүндө эскертүүлөр да берилип келет. Андан тышкары сайтка ММКларга чыккан  алдамчылар жөнүндө маалыматтар жүктөлгөн.

“Химия боюнча тапшырмалар өтө эле татаал”

Химия сабагы, негизинен, өтө жеңил сабак эмес, көп нерсе мугалимден да, окуучунун өзүнөн дагы көз каранды. Анын үстүнө бул предметтик тест – бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн эмес, адистигин тандап, аларга окуганда керек болгон абитуриенттер тапшыра турган тест. Негизинен, бул болочок дарыгерлер жана фармацевттер.

ББОУБ химия жана биологияга даярдануу үчүн керектүү теориялык маалыматтар, тест тапшырмаларынын мисалдары, мурдагы жылдары келген чыныгы тесттик тапшырмалар берилген колдонмолорду чыгарган. Сайтта кыргыз жана орус тилдеринде тапшыруу мүмкүн болгон акысыз сынак тесттер жайгаштырылган. Химия сабагы боюнча ЖРТга даярдануу үчүн видеосабактар жүктөлгөн.

Башка предметтердей эле, химия боюнча предметтик тест мектеп программасына негизделип, материалды түшүнүүнү жана билимди колдонууну баалайт.

Тесттеги химия боюнча мектеп курсунун бардык программалык материалы 8 бөлүмгө бөлүнгөн:

  • баштапкы химиялык түшүнүктөр жана негизги закондор;
  • формула жана теңдемелер аркылуу эсептөөлөр;
  • заттын түзүлүшү;
  • электролиттик диссоциациянын теориясы жана кычкылдануу-калыбына келүү реакциялары;
  • органикалык эмес бирикмелер;
  • химиялык реакциянын ылдамдыгы жана химиялык тең салмактуулук, химиялык реакциялардын жылуулук эффектиси;
  • органикалык бирикмелер.

Ар бир бөлүм боюнча тапшырмалардын саны пайыздык катышта ар бир темага бөлүнгөн окуу сааттарынын санына дал келгендей болуп бөлүштүрүлгөн. Орточо эсеп менен алганда, ар бир бөлүм боюнча 5-8 тапшырма болот. Тапшырмалардын татаалдыгы мектеп программасынын жана ББИМ сунуштаган окуу китептеринин алкагынан чыкпайт. 10-12 тапшырма оңой, 24-26 тапшырманын татаалдыгы орточо, билимди колдонууну текшерген тапшырмалар, 3-4 тапшырма татаал болот.

Жогоруда сыпатталган химия боюнча тесттин матрицасы ЖРТдагы химия боюнча тести өткөрүлүп баштаган учурдан бери колдонулуп келет. Тесттин варианттарынын татаалдыгы бирдей жана кабыл алынган матрицага дал келгендей болуп түзүлөт. Тесттер жылдан жылга якордук тапшырмалар аркылуу теңдештирилип турат.

“Силер бизге төмөн упайларды берип койдуңар”

Адегенде упайларды ББОУБ бербегенин, абитуриент өзү алганын тактап алсак. ББОУБ абитуриенттин жыйынтыгын берет. Андан тышкары ЖРТ – адамдын жеке жетишкендиктерин аныктаган тест экенин эстен чыгарбаш керек. Тесттин жыйынтыгы менен келечекте дарылап, окутуп, долбоор жазып, башкарып, илим менен алектене алган даярдыгы жакшы, таланттуу жаштарды иргелип алынат. ЖРТ бардыгы тапшырыш керек болгон бүтүрүүчү экзамен эмес. Ал эми жогорку окуу жайлары бир нече жыл бою эч нерсе кылбай жүрө берсе болгон же армиядан кутулуш үчүн түзүлгөн эмес. ЖРТнын максаты – ЖОЖдордон кыйкырып же коркутуп орун албай, өз билимин жана жөндөмдөрүн көрсөтүп, окуп кете ала турган таланттуу, мыкты даярданган абитуриенттерди тандап алуу.

Жылдагыдай эле көптөгөн тест тапшыруучулар негизги тесттен төмөн упайларды алып, босого упайга жетпей калган. Ошол эле абитуриенттер жогору упайларды ойлонбой туруп тоголоктоп боёп алса болорун айтып жатышат. Ал эми бул ырастоолор тесттер өтө татаал деген ырастоолорго дал келбейт.

“Босого упайларды төмөндөткүлө, ЖРТны жокко чыгаргыла”

Бул жылы абитуриенттер ушундай талаптарды коюп жатышат. Карантинге байланыштуу петициялар менен кайрылып, мамлекеттик экзамендерден бошотулган абитуриенттердин айрымдары босого упайга жетпей калып, дагы деле кыйкырып, босого упайды төмөндөткүлө деп петиция түзүп, аракет кылышууда. Бирок абитуриенттердин көпчүлүк бөлүгү тестти ийгиликтүү тапшырып, босого упайдан өткөн, же жакшы упай алган, же жоргорку упай алган. Мындай абитуриенттер да көп. Эмне үчүн алардын эмгектери эске алынбай калышы керек? Эмне үчүн босого упайга жетпей калып, кыйкырган абитуриенттерге жагынуу керек?

ЖРТ азыркы учурда ЖОЖдордо окуп кете алган жана мамлекет бөлүп берген гранттык каражаттарды эффективдүү пайдалана ала турган абитуриенттерди аныктады. Бөлүнгөн гранттык каражаттар көп эмес, ошондуктан ал орундарды эң мыкты абитуриенттер ээлеш керек. Андыктан босого упайды төмөндөтүү боюнча коюлган талаптар орунсуз.

 

Былтыркы жылга салыштырмалуу контракттык орундарга босого упай 105 упайга, айыл чарба адистиктерине 100 упайга төмөндөтүлдү. Мындан төмөн болушу мүмкүн эмес, урматтуу абитуриенттер.

Айрым абитуриенттер, быйыл окшоштуктар боюнча тапшырмалар татаал болду деп жазып жатышат. Бул дагы чындыкка дал келбейт. ЖРТнын “Окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо” бөлүмү сөздөрдүн ортосундагы жыл сайын берилип келген байланыштарды аныктай алуу билгичтигин текшерет. Бардык бул байланыштардын түрлөрү абитуриенттер үчүн колдонмодо жазылган. Ошол эле колдонмолордо окшоштуктарга берилген тапшырмаларды кантип туура аткаруу керектиги боюнча сунуштар дагы берилген. ББОУБнын сайтында сынак тесттер жана видеосабактар бар. Карантинге чейин ББОУБ абитуриенттер алдын ала даярданыш үчүн сынак тесттерди өткөрүп келген.

Окшоштуктар бөлүмүндөгү тапшырмалар бир тилден экинчи тилге которулбайт – алар кыргыз жана орус тилдеринде өз алдынча түзүлөт. Демек, котормого байланышкан кыйынчылыктар дагы жок. Тесттин туура түзүлгөнүн тастыктаган статистикалык көрсөткүчтөр дагы өтө жогору.

“Тарых татаал экен, тапшырмаларды бардыгы Россия жөнүндө”

Тарых – бул жакшы окуп-үйрөнүүнү талап кылган илим. Тарыхты жөн гана окуп коюу, экзаменден кийин унутуп калып, бир нече датаны эстеп калуу жетиштүү эмес. Тарыхый процесстердин, окуялардын аталышын гана эмес, мазмунун дагы билиш керек. Тарых боюнча төмөн упайлар дагы туура аткарган тапшырмалардын санына жараша алынган.

Тесттер жылдан жылга окуу стандарттарына жана мектеп программасына негизделген бирдей эле матрицалар менен түзүлөт. Тесттердин мазмуну окуучулар пайдаланган, алар окуган окуу китептери менен текшерилет. Андан тышкары тапшырмалардын татаалдыгы мурдагы жылдары жакшы иштеген, текшерилген якордук тапшырмалар аркылуу тегизделет. Ошондуктан ар жылы тарых боюнча 40 тапшырманын 1–20-тапшырмалары Бүткүл дүйнөлүк тарыхты, 21–40-тапшырмалары Кыргызстандын тарыхын камтыйт. Кыргызстандын тарыхы боюнча аз тапшырма, Россиянын тарыхы боюнча көп тапшырма болушу мүмкүн эмес. Россиянын тарыхы – бул бүткүл дүйнөлүк тарыхтын бир бөлүгү гана, башкача айтканда, бул тапшырмалар тесттин биринчи бөлүгүнө кирип, алардын саны Кыргызстандын тарыхын камтыган тапшырмалардын санынан көп болушу мүмкүн эмес.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер