USAID КОРОНАВИРУС МЕНЕН КҮРӨШҮҮГӨ 66 МИЛЛИОН СОМ БӨЛҮП БЕРДИ

  • 20.03.2020
  • 0

АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу  Кыргызстанга 66 миллиондон ашык сом (913 миң АКШ доллары) бөлүп берди. Бул каражат биздин өлкөнүн COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү аракеттерин колдоого багытталат.

Бул каражат үч уюм аркылуу берилет. Алардын биринчиси — Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Ал коргонуучу жабдуулар менен камсыз кылуу, байкоо жүргүзүү, лабораторияларды колдоо жана пандемияга каршы иш-аракеттерди координациялоо боюнча иштейт.

Экинчи уюм — Abt Associates ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо” долбоору. Бул уюм инфекцияны алдын алуу жана көзөмөлдөө, байкоо жүргүзүү, жаңы учурларды аныктоо боюнча иштейт. Муктаждык болсо, бул долбоордун алкагында ооруну контролдоого зарыл болго кошумча медикалык жабдык сатып алынат.

Үчүнчү уюм — Кызыл ай жана кызыл крест коомдорунун федерациясы (Кызыл ай коому). Ал  элди вирустан сактануу жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, коомчулуктардын даярдыгын күчөтүү жана вирус жугуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон адамдарды табуу боюнча иш алып барат.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер