“УЛУУ МАНАС ЭПОСУНУН РУХИЙ – АДЕПТИК, ПАТРИОТТУК ПОТЕНЦИАЛЫ ЖАНА АНЫ ОКУУ – ТАРБИЯ ПРОЦЕССИНДЕ РЕАЛИЗАЦИЯЛООНУН ТЕХНОЛОГИЯСЫ” АТТУУ СЕМИНАР ӨТӨТ
- 24.11.2020
- 0
3-декабрда Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы №71жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернатында “Улуу Манас эпосунун рухий – адептик, патриоттук потенциалы жана аны окуу – тарбия процессинде реализациялоонун технологиясы” аттуу темадагы семинар өтөт. Семинар Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, Ч.Т.Айтматов атындагы “Манас” академиясы жана ЭлТР конок катары чакырылган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Тоголок Молдо атындагы №71жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернатынын окуучулары манас, декламацияларды айтышат. Ал эми Кыргыз билим берүү академиясынын президенти А.Д.Токтомаметова, илимий кызматкери С.Байгазиев жана Ч.Айтматов атындагы “Манас” академиясынын президенти Т.Тургуналиев доклад окуйт.
Семинардын максаты – улуу Манас эпосунун рухий – этникалык баалуулуктарын, нарк дөөлөттөрүн ачуу жана жаңы муундарга жеткирүүнүн жолдорун табуу болуп саналат.
Комментарийлер