УЛУТТУК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ 

  • 17.12.2018
  • 0

Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын эң мыкты студенттик изилдөө боюнча улуттук конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, алдыңкы орунду ээлеген студенттер сыйланышты. 

УЛУТТУК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ 

Сынак залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, ага алтымыштан ашуун студент катышкан. Кабыл алынган долбоорлорлорду Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы  Мамлекеттик тил жана адабият институтунун директору академик А.Акматалиев баш болгон эксперттик комиссия кароодон өткөргөн. Натыйжада Ош мамлекеттик университетинин студенти Бекмурат кызы Гүлзада “Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалиминин” болочок мугалимдердин калыптанышына тийгизген таасири” жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенти Кубанычбек кызы Назгүл “Акбара жана энелик инстинг” аттуу эмгеги менен  1-орунду багындырышып, диплом, планшет жана 45 миң сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Экинчи орунду Ч. Айтматовдун чыгармаларында бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелеринин чагылдырылышын изилдеген Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти Алмамбет кызы Нуриза, “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы балага болгон мамиленин чагылдырылышы” аттуу илимий иши үчүн Бишкек гуманитардык университетинин студенти Кадырбаева Гулкайыр, “Ч.Айтматовдун “Ак-кеме” повестиндеги диний ишенимдер” деген иши менен Ош мамлекеттик университетинин студенти  Туран уулу Жанузак ээлеп, ар бири 30 000 сом жана бирден планшеттүү болушту.

Үчүнчү орунга “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы “Тоолор кулаганда” романында адеп-ахлак маселесинин иштелиши” аттуу илимий изденүүсү менен Кыргыз улуттук университетинин студенти Маматали уулу Эмилбек, “Проблема норкамании в романе Ч.Айтматова” деген эмгеги менен КММАнын студенти Тойчуев Максатбек, “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы экология проблемасынын орун алышы” аттуу эмгеги менен  КМЮАнын студенти  Бахтияр уулу Талант татыктуу болуп, 22 500 сомдон сыйлык тапшырылды. Андан башка дагы 16 студентке кызыктыруучу сыйлык катары планшеттер, калган катышуучуларга дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды.

Сынакка окуу жайлардын ичинен эң активдүү катышкан ОшМУнун студенттери болду. Сынакка келип түшкөн алтымыш эмгектин 25 дал ушул окуу жайдын студенттериники. Анын үчөө алдыңкы орундарды алса, он үчү лауреат болуп, уюштуруучулар тарабынан планшет, диплом, кызыктыруучу белектер, активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор менен сыйланышты.

 

 

Бекмурат кызы Гүлзада, жеңүүчү:

  • ОшМУда өткөн  “Айтматовду кайрадан окуйбуз” аттуу иш-чарасынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасын кайрадан окуп чыктым.  Мүмкүн, мен окуучу кезимде бул чыгарманы  жөн гана мектеп программасынын негизинде окуп коюп, анча маани берген эместирмин. Бирок азыр мугалимдик кесипти тандап алып, педагогикалык практикадан өтүп, качан гана мугалимдик кесиптин маңыз-мазмунун терең өздөштүргөндөн кийин бул чыгарманы таптакыр башкача көз караш менен кабыл алдым. Мугалимдик кесипти тандап алып, жаштарды өнүктүрүүгө салым кошо турган адам экендигиме сыймыктандым. Мейли, академик, профессор, мейли улуу инсан, президент болсун, мунун баары мугалимдин эмгеги менен жаралгандыгына ынандым.

А бирок, биз маңкурт сымал бүгүнкү күнүбүзгө кимдин шарапаты менен жеттик, ким бизге таалим-тарбия берди, мына ушунун баарын унутуп коёт экенбиз. Жаңы мектепти ачып жатканда Дүйшөн жөнүндө: “Ой, Дүйшөндүн жоругу курусун. Ушуну да мугалим деп, окуутучу деп  жүргөн экенбиз да”, — деп бириси айтса, экинчиси: “Жолдоштор, бир кездерде биз, “а” деген тамганы тааныбаган Дүйшөндүн мектебинен да  окудук элек”, — деген шылдың сөздөрдү окуганда,  менде дегеле мугалим ким, анын коомдогу орду кандай деген суроолор пайда болду. Ошондон улам ушул макаланы жазууга кириштим.

Чыңгыз Айтматов мугалимдик кесипке Дүйшөндүн ушунчалык ынтызаарлыгын Алтынай Сулайманованын ой толгоосу аркылуу көрсөткөн: “Эмне үчүн ушунча азап жеп,шылдың болуп, бирөөдөн артык болбосо, эч жери  кем эмес  ушул жаш жигит колунан келген бардык аракетин кылып, элдин балдарын окутуп жүрдү экен”. Көрдүнүздөрбү,  автор ачыктан-ачык эле мугалимдик кесипке мотивациясы терең адамдарды кабыл алыш керек, ушундай адамдардан гана балдарга жан дүйнөсү менен берилген чыгармачыл мугалимдер чыгат деген ойду азыркы педагогика илиминин изилдөөчүлөрүнүн жыйынтыктарына далил катары көрсөттү десек жаңылышпайбыз.

Учурда Айтматовдун Дүйшөнүндөй өз кесибине ынтызаар, кесибин жүрөгү менен сүйүп, балдарды окутуудан өзүнө ырахат алган мугалимдердин аздыгы коомду тынчсыздандырбай койбойт. Мен бул чыгарманы окуп жатып окуучулары менен фашисттердин газ камерасына өлүмдү тике карап кирип кеткен Янош Корчакты, бүт өмүрүн, жүрөгүн балдарга арнаган В.А.Сухомлинскийди жана ал айткан: “Педагог менен врачтын кесибинен башка боорукерликти ушунчалык талап кылган кесип бар болду бекен? Балдардын ар бирине жүрөгүңүздүн бир бөлүгүн берип, ар биринин кубаныч жана кайгысы үчүн жүрөгүңүздөн орун табууга тийишсиз”, — деген  сөздөрдү, тарбиялоого мүмкүн эмес деген кылмышкер балдарды тарбиялаган А.С.Макаренкону,  күнүнө  он чакырым жолду кычыраган суукта тоо аралап басып өтүп, балдарга таалим-тарбия берген ысык-көлдүк агайды көз алдыма элестетип турдум. Бирок бүгүнкү күндө мындай мугалимдердин чыныгы турмушта өтө аз экендиги өкүндүрөт. Бул инсандардын көрсөткөн эрдиктери (мен аны эрдик деп эсептеймин) менин педагогикалык кесипке болгон кызыгуумду ойготту, мен да бул инсандардай өз кесибимдин ысык-суугуна чыдап, турмуштун тоскоолдуктарынан өтүп, окуучулардын жүрөгүндө түбөлүк калсам деген аруу сезимди пайда кылды.

 

Кубанычбек кызы Назгүл, жеңүүчү:

УЛУТТУК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ 

 

  • Чыгармада окуя Моюнкум чөлүндөгү Акбара менен Ташчайнардын үй-бүлөсүнүн жай, бактылуу жашоосун сүрөттөө менен башталат. Бирок, бул тынчтык ээн-эркин жайларга адамдын талкалоочу күчү күтүүсүздөн кирип келгенде бузулат. Алардын кандуу иш-аракети жан-жандыктардын бир тобун кырат, ошол өлтүрүлгөн жаныбарлардын арасында жакында эле жарык дүйнөгө келген Акбаранын бөлтүрүктөрү да бар эле. Бүтүндөй жашоону талкалап салганын капарына да илбей, эки буттуу жырткычтар эттин планын толтурганына бактылуу. Үч жолу карышкырлар үйүрү адам буту баспаган тынч жерлерге кетип, өз тукумун улантууга, тирүүлүк мыйзамы буйругандай жашоого аракет жасашты, үч жолу анткор жана катаал тагдыр, адамдардын кейпин кийип, ымыркайларынан ажыратты. Акбаранын бөлтүрүктөргө болгон сүйүүсү – жаныбардын инстинкти гана эмес, ал аң-сезим менен туюлган жер жүзүндөгү бардык аялзатына тиешелүү энелик мээрим жана кам көрүү эле. Чыгармада карышкырлар, өзгөчө, Акбара адамдардын талкалап-бузуусунан кутулууга аракеттенип жаткан жаратылышты чагылдырып турат.  Акбаранын кийинки кыймылдары эртедир-кечтир жалпы адамзатка каршы чыгып, катаал жана аёосуз өч алары тууралуу эскертүү белгиси болот. Акбара эне, жаратылыш эне сымал, өзүн сактагысы келет, өз тукумун сактап калгысы келет, бирок Базарбай бөлтүрүктөрдү уурдап качканда, Акбара каарданып, кусалыгын, кайгысын басуу үчүн адамдарга кол сала баштайт.

    Автор адамдын ымыркайын өзүнүн бөлтүрүктөрүнөн айырмалабаган Акбаранын энелик инстинктине өзгөчө басым жасайт. Кенжешти жонуна арта салып качкан кезде, эне-уурунун жоголгон ымыркайын сагынып, кусалыктан жүрөгү жанчылган, эмчегинен сүтү ийип, балкылдата бала эмизүүнү самаган энелик сезими жана ага удаалаш эле жырткычтын өз олжосун  колунан чыгарбаган көкжалдык  сапаты даана чагылдырылат.

    Бир жагынан, биохимиктер энелик инстинкт кош бойлуулук жана лактация мезгилинде, өзгөчө пролактин белогунун иштелип чыгышына негизделишин ишенимдүү далилдешет. Бирок, ошону менен бирге, башка илимий топтор тажрыйба жүзүндө, өгөй балдарды багуу тапшырылган баласыз ургаачы сүт эмүүчүлөрдө да энелик инстинкт калыптануу мүмкүндүгүн тажрыйбалар көрсөттү. Мындай жыйынтыктар кемирүүчүлөрдү, приматтарды, жада калса адамдарды изилдөөдөн келип чыкты.  Мисалы, кайсы бир ургаачы карышкыр туут мезгилинде капысынан көз жумса, бөлтүрүктөрдү аман калып калыш үчүн,  үйүрдөгү башка бир-эки карышкырда сүт пайда болот. Бул чанда кездешүүчү көрүнүш – бөрү-энелердин энелик инстинктинин  күчтүүлүгүнүн далили.

    Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер