«УЛУТТУК НАРК -УЛУТТУН ЖҮЗҮ» ТЕМАСЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 30.03.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгына ылайык Ак-Суу районунун А.Деркембаев атындагы орто мектебинде «Улуттук нарк -улуттун жүзү» темасында семинар өткөрүлдү.

«УЛУТТУК НАРК -УЛУТТУН ЖҮЗҮ» ТЕМАСЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ

Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Жапаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Назгүл Дабаева, мектеп мугалимдери жана класстан тышкаркы иштердин уюштуруучулары катышты. Бул семинарда улуттук баалуулуктар,  нарк насилди чагылдырган сабактар жогорку деңгээлде өтүлүп, баяндамалар жасалды. Иш-чара салттуу сабактардан айырмаланып атайын тигилген боз үйдүн ичинде өтүлдү. Кыргыздын унутта калган каада- салты, улуттук оюндары чагылдырылып мектептер арасында тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлдү.

«УЛУТТУК НАРК -УЛУТТУН ЖҮЗҮ» ТЕМАСЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ

Бөлүшүү

Комментарийлер