УЛУТТУК КОМИССИЯ КӨРКӨМ АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАР ЖАНА КОТОРМОЛОР ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАДЫ

  • 22.01.2020
  • 0

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасынын” аткарылышын камсыздоо максатында, “Азыркы адабият”,“Дүбүрт”, “Дүйнѳлүк адабият”, “Дүйнѳ” серияларынын алкагында жарык көрө турган көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөттө сынак жарыялады.

УЛУТТУК КОМИССИЯ КӨРКӨМ АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАР ЖАНА КОТОРМОЛОР ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАДЫ

Эмгектер электрондук түрдө Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде 14-шрифт менен ([email protected] дарегине) жана кагаз түрүндө (1 нускада) 2019-жылдын 23-мартына чейин кабыл алынат. Сунушталган эмгектер сынактын талаптарына жооп берип, Улуттук комиссиянын алдындагы Эксперттик-редакциялык кеӊештин сынынан өткөн соң, мыкты деп табылгандары жеңүүчү катары өзүнчө китеп болуп басууга даярдалат. Сынак тууралуу толук маалыматты Улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтынан же 0312315773, 0551996517 номерлери аркылуу (саат 9:00-17:00) алууга болот.

Эске сала кетсек, жыл сайын өтүүчү сынактын негизинде буга чейин Т.Муканов, С.Акматбекова, М.Гапаров, М.Абакиров, С.Раев өңдөнгөн белгилүү акын-жазуучулардын китептери, У.Нусубалиев, У.Дөөлөтов, К.Орозбеков ж.б. жаш калемгерлердин алгачкы жыйнактары, Габриэль Гарсиа Маркес, Янн Мартел, Мигель де Сервантес Сааведра сыяктуу дүйнөгө атагы тараган жазуучулардын котормолору кыргыз тилинде, “Кыз Сайкал”, “Манас” эпостору англис тилинде, ж.б. көптөгөн китептер басылып чыгып, окурмандарга тартууланды.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

Бөлүшүү

Комментарийлер