«УЛУТТУК ДЕМ — ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК»

  • 31.10.2025
  • 0

2025-жылдын 29-октябрында  «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу доктринасын ишке ашыруу максатында, Манас айылында жайгашкан А. Огонбаев атындагы маданият үйүндө Талас районунун айыл өкмөттөрүндө өткөрүлгөн “Бабалар баяны” кароо-сынагында райондук туруна жолдомо алган мектеп командалары таймашты.

«УЛУТТУК ДЕМ - ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК»

«УЛУТТУК ДЕМ - ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК»

— Таймаш абдан кызуу жүрүп, окуучулар ата-бабалардын эрдик жолун, тарыхый баалуулуктарын даңазалап, өз талантын, көркөм сүйлөө жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Сынактын жыйынтыгында Беш-Таш айыл өкмөтүнө караштуу А.Огонбаев атындагы орто мектебинин командасы мыкты деп табылып, кароо-сынактын облустук туруна жолдомо алды. Ошондой эле Талас райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ар бир командага дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды, — дейт Э.Сатыбалдиева.

«УЛУТТУК ДЕМ - ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК»

«УЛУТТУК ДЕМ - ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК»

«УЛУТТУК ДЕМ - ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК»

I орун — А.Огонбаев атындагы орто мектеби  (I даражадагы диплом жана 5000 сом);

II орун — А.Карыпкулов атындагы орто мектеби ( II даражадагы диплом жана 4000 сом);

III орун — К.Нанаев жана А.Султанбеков атындагы орто мектептери (III даражадагы диплом жана 3000 сом);

Жигердүү катышкандыгы үчүн М.Туйтунов атындагы орто мектеби жана №6 кесиптик лицейи  (диплом жана 2500 сом) менен сыйланышты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер