УЛУТ ЖҮЗҮ –СҮЙМӨНКУЛ
- 10.11.2020
- 0
Бишкек шаарындагы С. Чокморов атындагы №10 –кесиптик лицейинде 2020 –жылдын 6 –ноябрында СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Сүймөнкул Чокморовго арналган залдын ачылыш аземи жана эскерүү кечеси болуп өттү.
Эскерүү кечесине С. Чокморовдун туугандары, КР билим берүү жана илим, маданият, маалымат жана туризм министрликтеринин, кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин, президенттин алдындагы тил комиссиясынын жана көркөм өнөр бирикмесинин өкүлдөрү катышышты. Кыргыздын чыгаан уулу Сүймөнкул Чокморовдун өмүр жолу тууралуу тартылган видео баян көрсөтүлдү. Окуу жайдын директору Саадат Жаманкулова кесиптик лицейдин көрсөткүчтөрүнө токтолуп, С. Чокморовдун туулган күнүнө карата даярболгон залдагы жасалгалар, кол өнөрчүлүк буюмдар, сүрөттөр менен тааныштырды.
Кеченин аягында сүрөт –живопись, видео баян жана автордук чыгарма боюнча конкурстун катышуучуларынын алдыңкы орунга ээ болгондоруна акчалай сыйлык жана Ардак Грамоталар тапшырылды. Катышуучулар эстелигине гүл коюшту.
1993-жылы 29-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №132 Токтомунун негизинде кыргыз киносунун көрүнүктүү актёру, белгилүү сүрөтчү жана коомдук ишмер Сүймөнкул Чокморовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында аты берилип, Сүймөнкул Чокморов атындагы Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн № 92- Кесиптик лицейи деп аталып калган. Ал эми 2019 жылдын 17 –октябрында №10 –кесиптик окуу жайына Сүймөнкул Чокморовдун аты берилип, лицейлер бириктирилген. С. Чокморов атындагы №10 –кесиптик лицейи “Технология” жана “Улуттук көркөм кол өнөрчүлүк” бөлүмдөрү боюнча 1000 жакын квалификациялуу жумушчуларды даярдап чыгарат.
Сүйөрбек Чокморов, -бир тууган агасы, 86 жашта:
11 бир тууганбыз. Сүймөнкул эң кичүүбүз эле, быйыл сексен экиге чыкмак. Төрт агабыз Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, бирөө келген жок. Инимдин атын көп жылдан бери ушул окуу жайы алып жүрөт. Азыркы жетекчиге чоң ыраазычылык билдиребиз. Карагылачы залды, кандай жасалгалаган. Аралыктан окутуп жаткандыгына карабай окуучулардын сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулуп, ал гана эмес видеобаян да тартылып, жыйынтыгы да чыгарылыптыр. Мындай конкурстар менен Республикалык, Эл аралык көргөзмөлөргө да катышса болчудай.
С. Чокморовдун агасынын уулу Нурсеит:
Бир күнү Сүймөнкул айылыбызга келип, –«Мен СССРдин Эл артисти» болдум деди. Таң калып эле калдык. Ал мындай болот. СССРдин Генералдык Секретары Л.И. Брежнев Кыргызстанга келет. Ага «Караш ашуудагы атыш» кино тасмасын көрсөтүшөт. Кинону көргөн Леонид Ильич, Турдакун Усубалиевичтен сураптыр: -Ушул артистке наам бердиңер беле –деп. Жок бериле элек деген сөздү угат да, эртең мени менен бирге учуп барсын, документтерин даярдаткыла, — дейт. Сүрөт тартып олтурса Сүймөнкулду Усубалиев чакыртып алып айтат. Эртеси Л. И. Брежнев менен чогуу учуп барат да наамды алып келген экен.
Сагынбек Абдрахманов, — С. Чокморов атындагы фонддун директору:
Учурда Сүймөнкул Чокморовдун үч эстелиги даяр турат. Бишкек шаарындагы элге жакпай калган эстелигин Америкадагы кыргыз балдар сурап жатышат. Ордуна буюрса эстелегин орнотобуз. Ош шаарына даярдалган эстеликтин бүткөнүнө төрт жыл болду. Ордун да көрүп, таш коюп келгенбиз. Улам эле мэрлери алмашылып, орнотууга чечим чыгарып бербей жатышат. Дагы бир эстелигин Ысык Көлгө орнотсокпу деген ой бар.
Бегайым Орозакунова, кесиптик баштапкы билим берүү агенттигинин жетектөөчү адиси:
Биздин тармакта отуз эки миңден ашык окуучулар билим алышат. Бир кишиде 25 мүнөз бар дешет. Сүймөнкул агабыз сабырдуу, адилеттүү, шыктуу, жаман менен жакшыны ажыраткан, айтылган сөзгө турган, эмгекчил, намыскөй, сергек, ички дүйнөсү таза, эч кимге атаандаштыгы жок жана көптөгөн жакшы сапатка ээ инсан болгон. Агабыздын 5-6 эле мүнөзүн окуучуларга жеткирсек, алар үчүн сабак, терең тарбиялык мааниге ээ болот. Жыл ичинде ар бир окуу жайында С. Чокморовду эскерүү жумалыктары жарыяланат. Сүймөнкул Чокморов 56 операцияны башынан өткөргөн экен. Буга кандай гана чыдамкайлык керек.
Казакбаев Жолдошбек,- Сүрөтчүлөр профсоюзунун мүчөсү:
Агайыбыздын иши, өмүр жолу, чыгармачылыгы, элеси эч качан унутулбайт. Жөнөкөй, ар дайым баардык баргандарга эшиги ачык болчу. Сергей Бондарчук эркектер арасында мыкты ролду 3 жолу жеңип алса, С. Чокморов агайыбыз 5 жолу жеңип алган. Мыктынын мыктысы болучу. Киного тартылып жүргөн учурларында бөйрөктөрүнө суук тийип, каскадердун да трюктарын кээде өзү аткарып ден соолугуна зыян келтирип өмүр жашы кыска болуп калды. Маданият жана туризм министрлиги тарабынан залкар адамыбызга кош көңүл мамиле да жасап келишет. Алма -Ата шаарында С Чокморовду эскерүү болуп, орден тапшырышты. Бишкекке келип, эскерилбегенине ичим ачышты, биз уюштурган иш чарабызды колдогон да, келишкен да жок.
Иманкулова Нурисат, -№98 –кесиптик лицейдин директору:
Мен Чокморов Сүймөнкул менен ар дайым сыймыктанамын. Студент кезибизде «Улан» тасмасы тартылып бизди да алып барып катыштырышты. Сүйүнгөнүбүздү айтпагыла. Жалпы университетке мактанган элек. Барыбыз дүйнө жүзүнүн жылдызы болгон залкар агабызга абдан суктанганбыз. Окуу жайдын жетекчиси Саадат Сейдалиевнага терең ыраазычылык билдиремин. Сүймөнкул Чокморов агайыбыздын эскерүү иш чарасын эле өткөрбөй, өзүнүн демилгеси менен келечек муундун тарбиясы үчүн залды жасалгалаптыр. Карагылачы, студенттери сүрөттөрдү керемет тарткан видеобаяндарын жасашкан.
«Кут Билим», Эгемберди УСУПОВ
Комментарийлер