УИАНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БИР КАТАР ӨЛКӨНҮН ОКУМУШТУУЛАРЫН КАБЫЛ АЛДЫ

  • 16.10.2018
  • 0

11-октябрда КР УИАда “Илим менен билимдин ааламдашуусу: жаңы технологиялар” аттуу эл аралык конференция өттү.

Иш-чаранын алдында УИАнын президенти Мурат Жуматаев Түркиядан, Индиядан, Россиядан, Кытайдан, Пакистандан, АКШдан, Болгариядан, Чехиядан  келген илимпоздор менен жолугушуп, Академиянын тарыхы, бүгүнкү ийгиликтери, алар менен иштешсе боло турган багыттар жөнүндө кенен маалымат берди.

  • Биздин окумуштуулар билим берүү процессине көбүрөөк катыша баштады. Мисалга алсак, Тоо физиологиясы жана медицина институту жана Эл аралык университет бул багытта биргелешип көп иштерди жасап келет. Ошондой эле ар бир институт өзүнүн тармагына байланыштуу жождор менен алака түзүшкөн. Бийик тоолуу медицина, биотехнология, техника илимдери, Ботаникалык бакта жүргүзүлгөн иштер, аймактык бөлүмдөрдөгү изилдөөлөр ж.б. атап кетсек болот. Сиздер менен кызматташуу үчүн көп аспектилер бар жана дайыма эшигибиз ачык”, — деди академик.

Иш-чарага келген Эл аралык “Знание” ассоциациясынын президенти, экономика илимдеринин доктору Ефим Малитиков кыргыз элинин илимге умтулуусу, бүгүнкү күндө билим жана илим менен бөлүшүү маанилүү экендигин белгилеп, төмөнкүлөргө токтолуп кетти:

  • Эл аралык университеттин мааракеси илимдин очогу болгон Улуттук илимдер академиясында башталышы, иш башында мекеменин президентинин катышып, билдирүү жасаганы өтө маанилүү. Анткени бардык орчундуу нерсе илим жана билим аркылуу өтөт. Ошондуктан илимдер академиясынын орду чоң. Кыргыз эли дайыма илим, билимге умтулуп келген, чоң мамлекет урап калганына карабастан Кыргызстан илим нугунан кайткан жок. Менин оюмча өлкөнүн келечеги илимге жасаган мамилесине жана ага кадамына жараша байланыштуу.

Кошумчалап кетсек, УИАда “Илим менен билимдин ааламдашуусу: жаңы технологиялар” аталыштагы Эл аралык конференциясы Кыргыз Эл аралык университетинин Академиялык консорциумунун 25 жылдыгына арналган юбилейлик декаданын алкагында өтүүдө.

Иш-чаранын катышуучулары ааламдашуу шартында өнүгүп жаткан азыркы коомдогу ар өлкөнүн билим берүү системасындагы тажрыйбалары менен бөлүшөт. Коноктордун ичинде Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташуу кеңешинин Генералдык катчысы Омер Коджаман, Европа Союзундагы Болон процессин байкоо боюнча Топтун төрагасынын орун басары, профессор К.Изаакс, Ятрология коомунун Түндүк Америкадагы Федерациясынын Эл аралык байланыштар боюнча директору Тан Даниэл, гео-мейкиндик илимдер боюнча алдыңкы тажрыйбалар борборунун тең директору Джоффри Хенебри,  Аллам Икбал Ачык университетинин өкүлү Биби Ясмин, Рифа Эл аралык университеттин директору, жогорку билимдеги сапатты камсыздоо боюнча Эл аралык агенттиктердин тармагынын директору Салим Ахмед Хан ж.б. илимде беделдүү орун ээлеген окумуштуулар болду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер