УЧУРДУН САНАРИП МУГАЛИМИ

  • 28.01.2020
  • 0

УЧУРДУН САНАРИП МУГАЛИМИ

Коомду санариптештирүү Жылына карата Ош билим берүү институтунун январь айындагы курс угуучулары арасында “Учурдун санарип мугалими” аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакты өткөрүүнүн негизги максаты мугалимдердин компьютердик сабаттуулугун арттыруу жана жаңы технологиялар менен иштөө усулдарын жайылтуу болуп саналат. Конкурска ар бир предмет боюнча катышкан мугалимдер Google Дискте иштөө жана андагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жолдорун көрсөтүштү. Сынактын жыйынтыгында ыкчам аракети менен айырмаланган   Ош шаарындагы №18 мектеп-лицейинин башталгыч класс мугалими Осмоналиева Аксаамай I орунга,   Алай районунун №26 А.Бекташов атындагы мектептин  кыргыз тили жана адабияты мугалими Салиева Феруза II орунга,   Алай районунун №1 МЧББУ тарбиячысы Муктар кызы Гүлмайрам жана Чоң-Алай районунун №44 кесиптик лицейинин кесиптик окутуунун мугалими Жамилбек кызы Эркеайымдар III орунга ээ болушту. Жыйынтыгында сынактын жеңүүчүлөрүнө Ардак грамоталар жана  атайын даярдалган сыйлыктар ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер