ТОГОЛОК МОЛДОНУН 160 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОНЛАЙН-КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТӨТ

  • 25.11.2020
  • 0

27-ноябрда жазма акын, манасчы, агартуучу жана ойчул Тоголок МОЛДО (БАЙЫМБЕТ АБДРАХМАНОВДУН — 1860-1942.) 160 жылдыгына арналган “Тоголок Молдо-160: Манасчы, акын, агартуучу жана ойчул” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык онлайн-конференция өтөт.

Онлайн-конференцияда талкуулануучу багыттар:

1-багыт. – Тоголок Молдонун (Б.Абдрахманов — 1860-1942) өмүрү, ишмердиги жана агартуучулугу.

2-багыт. – Тоголок Молдонун чыгармачыл мурасынын өзгөчөлүгү: манасчылык жана ойчулдук.

3-багыт. – Тоголок Молдонун чыгармалары манастаануу жана кыргызтаануу илимдерине жазма булак катары

Багыттар боюнча баяндамалардын айрымдары онлайн формасында да өткөрүлөт. (Академиянын жана Бишкекте жашаган мүмкүнчүлүгү бар окумуштуулар баяндамаларын кадимки тартипте жасашат).

 

Бөлүшүү

Комментарийлер