ТЕСТ ТҮЗҮҮ БОЮНЧА МАШЫГУУЛАР ЖАНА ТАПШЫРМАЛАР

  • 14.01.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялары улуттук борбору үстүбүздөгү жылдын  9-10-январында кыргыз тилинен (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда) сабак берген мугалимдер үчүн “Педагогикалык тест жүргүзүүлөрдүн теориясы жана практикасы” деген темада окутуу-семинарын өткөрдү. Семинарга Бишкек шаарынын мектептеринен чакырылган 25 мугалими катышты.

ТЕСТ ТҮЗҮҮ БОЮНЧА МАШЫГУУЛАР ЖАНА ТАПШЫРМАЛАР

Семинардын максаты мугалимдерди азыркы мезгилдеги тест жүргүзүүлөрдүн абалы, тажрыйбалары, педагогикалык тесттердин классификациясы, тесттерге коюлуучу талаптар, тест тапшырмаларына статистикалык талдоо жүргүзүүнүн негиздери менен тааныштыруу болду. Ошондой эле семинарда мектеп окуучуларынын мамлекеттик тилден билимин деңгээлдер менен баалоодо колдонулуучу тесттер, талаптар, анын негиздери тууралуу (Кыргызтест тутуму) суроолор боюнча талкуу жана талдоо уюштурулду.

Семинар тестти түзүүгө берилген тапшырмаларды топтор менен иштеп чыгуу жана аларды жалпы талкуулоо форматында өттү. Эксперт мугалимдерге тест түзүү жана аны баалоо боюнча машыгып, көнүгүүгө сунуштар берилди.

ТЕСТ ТҮЗҮҮ БОЮНЧА МАШЫГУУЛАР ЖАНА ТАПШЫРМАЛАР

Түзүүчүлөргө Кыргызтест тутумунун мектеп окуучуларынын билимин баалоо компоненти боюнча укук-ченемдик жана бүтүрүүчү класстардын жалпы мамлекеттик аттестациясынын материалдарын иштеп чыгуу багытында тапшырмалар берилди. Борбор уюштурган семинар мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча көздөгөн максатына жетип, түзүүчүлөр менен тыгыз иштешүү макулдашууларына жетишти.

Бөлүшүү

Комментарийлер