ТЕРЕКСУУЛУК ОКУУЧУЛАР ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА РАЙОНДУК МЕЛДЕШТИН КУБОГУН ЖЕҢИП АЛЫШТЫ
- 10.01.2019
- 0
Ат—Башы районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата кыздар арасында волейбол боюнча райондук мелдеш болуп өттү. Ага айылдардагы мектептерден тандалып келген кыздардан куралган 10 команда катышып, биринчилик үчүн ат салышты. Терек-Суу айылындагы А.Чортеков атындагы орто мектебинин кыздар командасы мелдештин кубогун утуп алышты.
Мелдештин жүрүшүндө командалар эки тайпага бөлүнүп, өз ара таймашып, төрт команда финалдык оюнга чыгышты. Финалдык турда 1-2-орундар үчүн Терек-Суу айылы менен Баш-Кайыңды айылынан келген кыздар ат салышып, күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан оюн көрсөтүштү. Оюн терексуулук кыздардын пайдасына чечилип, мелдештин кубогун утуп алышты. Уюштуруучулар тарабынан командага кубок жана оюнчуларына баалуу блектер тапшырылды.
Терек-Суу айылындагы А.Чортеков атындагы орто мектебинин кыздар командасы райондук, облустук деңгээлде өткөрүлгөн мелдештерде байгелүү орундарды багындырып келатат.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер