ТАЗАЛЫКТЫН, САБЫРДУУЛУКТУН ҮЛГҮСҮ – АТА-ЭНЕ

  • 28.03.2020
  • 0

Коронавируска каршы күрөштө ар бир ата-эне өз балдарына үлгү болууга тийиш. Анткени, балдар үйдө тазалык эрежелерин сактоодо болсун, карантин шартында убакытты туура пайдаланууда болсун, ата-эненин акыл-кеңешине муктаж.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Коронавирус кенебестикти кечирбейт

​Карантин учурунда бийлик өкүлдөрү, доктурлар айткан эрежелерди тыкыр сактоо өтө маанилүү, себеби коронавирус кенебестикти кечирбейт. Мектепте билим алган балдар ар кандай эрежелерди бат кабыл алышат. Андыктан аларга коронавирустан сактануу эрежелерин түшүндүрүү кыйын эмес. Ошентсе да, ата-эне үйдөгү баланын жаш курагына жараша теледен, интернет булактарынан алынган маалыматтарды талкуулап, керектүү-керексизге бөлүп, бул апаатты жеңүүдөгү үйдөн чыкпоо, колду сөзсүз 20-30 секунда самындап жуу сыяктуу эрежелерди түшүндүрүп бергени туура. Бирок, эч качан баланы жөнү жок коркутууга болбойт.

ТАЗАЛЫКТЫН, САБЫРДУУЛУКТУН ҮЛГҮСҮ – АТА-ЭНЕ

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Коронавирусту тазалык менен жеңебиз​ ​ ​ ​ ​

​Тазалыкты сактоо – коронавирустан сактануудагы эң башкы эрежелердин бири. Тазалык болбосо, биз бул жугуштуу дартты жеңе албайбыз. Карантин шартында ата-энелер балдарды тазалыкты сактоого үйрөтүшү керек. Жаш балдар апасынын көмөгү менен күнүмкү ойногон оюнчуктарын аш содасы кошулган же самындалган суу менен жууп турууну бат үйрөнүшөт.

​Мектеп жашындагы балдар-кыздарга үйдү желдетүүнү, жууп-тазалап турууну, каалганын туткаларын, телевизордун пультун, компьютердин мышкасын дезинфекциялык кошулмалар менен тазалоону үйрөтүү керек. Көчөгө кийилген сырткы кийимдер бир күн обочо жерде илинип турууга тийиш.

​Дүкөндөн келген соң, акча-тыйындар өзүнчө кутучада бир сутка сакталышы керек. Балдарды эч качан дүкөнгө жиберүүгө болбойт. Карантин бүткүчө, алардын үйдө болгону туура.

ТАЗАЛЫКТЫН, САБЫРДУУЛУКТУН ҮЛГҮСҮ – АТА-ЭНЕ

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Балдардын бош убактысын туура уюштуруу маанилүү

Карантин шартында ата-энелер балдардын бош убактысын туура уюштуруп бериши керек.

​Бул багытта баласы менен биргеликте китеп окуу, сүрөт тартуу, шахмат ойноо, кызыктуу тасмаларды көрүү, көргөн тасмаларды талкуулоо абдан зарыл иш-аракеттерден болуп саналат. Айыл шартында короодогу иштер менен алектенүү да балдарды кыйла жаман ойлордон алаксытат. Башкысы, ата-эне катары өзүнүз да көңүлүңүздү чөктүрбөнүз.

​Көзүнүздөн “Бул кыйынчылыкты баарыбыз чогуу биргеликте женебиз” деген ишеним жанып турсун.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​                                             А.Алибеков, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер