ТАРТИП ЖАНА ТАЗАЛЫК КАТУУ САКТАЛУУДА

  • 24.03.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде коронавируска каршы туруу жана анын алдын алуу иш-аракеттери жүрүүдө.

ТАРТИП ЖАНА ТАЗАЛЫК КАТУУ САКТАЛУУДА

Университетте атайын штаб  түзүлгөн. Ага ылайык окуу жайдын аудиторияларында, жумушчу бөлмөлөрүндө жана жатаканаларында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бардык кол жуучу орундарда антисантардык жана тазалык каражаттар орнотулган. Андан сырткары эскертүүчү жана маалыматтык барактар илинип, таркатылган.

Окутуучулар AVN аркылуу студенттер менен аралыктан окутуу процессин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Окуу имараттарында жана жатаканаларда университеттин коопсуздук кызматынан сырткары  ректораттын мүчөлөрүнөн нөөмөткө туруу уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер