ТАРБИЯЧЫЛАР ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 13.09.2022
  • 0

Бүгүн Бишкекте мектепке чейинки төрт бала бакчанын тарбиячысы катышкан гендердик теңчилик маселелеринин GALS практикалык окутуу системасы боюнча эки күндүк тренинг башталды.

ЕБ менен БУУнун «Жарык шооласы» биргелешкен демилгесинин алкагында ЮНИСЕФ Балдар фондусу каржылаган бул иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлиги, КББА, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрү менен биргеликте ишке ашты.

Тренинг мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин гендердик сезимталдыгын жогорулатууга жана гендердик теңчиликтин негизинде алардын баалуулуктарын жана жүрүм-турумун калыптандырууга багытталган.

Бул методика Кыргызстанда мурда сыноодон ийгиликтүү өтүп, гендердик зомбулук жана теңсиздик көйгөйүнө карата мамилени жана көз карашты өзгөртүүдө өзүнүн натыйжалуу натыйжаларын көрсөткөн эле.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар эксперттердин колдоосу менен гендердик теңчилик маселелерин балдар менен иштөөгө интеграциялоо максатында «Балалык» окуу-методикалык комплексинин сабактары жана оюндары менен таанышып, балдар үчүн гендердик сезимтал чыгармалардын жыйнагын түзүүнү карап чыгышат.

ТАРБИЯЧЫЛАР ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Министрликтин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова, мектепке чейинки билим берүү системасына гендердик аспектилерди комплекстүү киргизүү боюнча биринчи тажрыйба экендигин белгиледи.

— Бул мектепке чейинки билим берүү системасына гендердик аспектилерди киргизүү боюнча алгачкы тажрыйба болуп саналат. Натыйжалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө гендердик теңчилик маселелерин андан ары илгерилетүү максатында гендердик теңчилик маселелерине карата жеке мамилени жана көз карашты өзгөртүү аркылуу иш алып баруу биз үчүн маанилүү” — дейт.

Тарбиячылар гендердик сезимтал мамилелерди изилдөө менен бирге, “Балалык” окуу-методикалык комплексинин кайра каралып чыккан сабак конспектилерин даярдашат жана ошондой эле Кыргызстандагы эркектер менен аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн тең укуктуулугун илгерилетүү максатында бала бакчанын деңгээлинде конспектилерди апробациядан өткөрүшөт.

ТАРБИЯЧЫЛАР ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган эки күндүк тренинг үч этапта өтмөкчү. Мектепке чейинки билим берүүнүн эксперттери Гүлмира Расулова жана Бермет Асанбаева алып барган тренингдин кийинкиси ноябрь айында жана келерки жылдын январь айында өтүшү күтүлүүдө.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер