ТАЛЫКПАГАН ЭМГЕКТИН ИЙГИЛИГИ
- 26.10.2018
- 0
2018-жылдын 5-15-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Краснодар крайынын Анапа шаарында өткөрүлгөн КМШ мамлекеттер аралык кароо-сынака 6 мамлекеттен 6 команда, Россия Федерациясынан 44 команда катышып, жалпы “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү — 2018” сынагына 50 команда таймашты. Көз карандысыз шериктештиги мамлекеттер арасында өткөрүлгөн кароо-сынакта Кыргыз Республикасынын атынан катышкан Ош облусунун Ноокат районунун балдардын чыгармачылык борборунун “Баргы” атындагы орто мектебинде уюшулган “Жол кыймылынын коопсуздугу” ийриминин “Үч чырак” командасы, ийрим мугалими Эгембердиева Айгүлдүн талыкпаган эмгегинин негизинде 1-орунга ээ болуп, 1-даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланып кайтышты.
Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун бөлүм башчысы М.Таштемированын берген маалыматына таянсак, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин биргелешкен буйруктарынын негизинде чыгарылган Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун жана Ош облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн биргелешкен буйруктарынын негизинде жаш өспүрүмдөр арасында жол транспорт кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймылынын эрежелерин түшүндүрүү максатында 2018-жылдын май айында “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү ” командаларынын облустук кароо-сынагы өткөрүлгөн. Ал кароо-сынакта жети команда катышып, жобо боюнча төрт тапшырманы аткарышкан. Кароо-сынактын жыйынтыгында Ноокат районунундагы балдардын чыгармачылык борборунун “Баргы” орто мектебинде уюшулган “Жол кыймылынын коопсуздугу ” ийриминин “Үч чырак” командасы 1-орунга ээ болуп, республикалык кароо-сынакка катышууга жолдомо алган болчу.
“Иш десе ичкен ашын жерге койгон”, изденүүдөн талыкпаган, чыныгы педагог Эгембердиева Айгүлдүн талыкпаган эмгегинин натыйжасында жетишкен ийгиликтерин атап айтпасак болбостур. Акыркы эле үстүбүздөгү жылда бир топ эмгек жасап, эл алкышына ээ болуп отурат. Алсак, облустук “Мыкты ийрим мугалими” сынагына катышып, райондор арасында биринчи орунду багындырды. 2018-жылдын 18-майында Бишкек шаарында өткөрүлгөн Республикалык “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү — 2018” кароо-сынагында тапшырмаларды мыкты аткаргандыгы үчүн Ош облусунун Ноокат районунун балдардын чыгармачылык борборунун “Жол кыймылынын коопсуздугу” ийриминин “Үч чырак” командасы 1-орунга ээ болуп, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
- 2018-жылдын 21-29-август күндөрү Ош облусунун “Үч чырак” командасы Казакстан Республикасынын Кызыл–Ордо шаарында өткөрүлгөн Эл аралык сынакка катышып, 19 команданын ичинен 3-орунга ээ болушту. Ал эми 2018-жылдын 5-15-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Краснодар крайынын Анапа шаарында өткөрүлгөн КМШ мамлекеттер аралык кароо-сынака 6 мамлекеттен 6 команда, Россия Федерациясынан 44 команда катышып, жалпы “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү — 2018” сынагына 50 команда таймашты. Кароо-сынак 4 тапшырма менен өткөрүлдү.
“Жолдо жүрүү эрежелери боюнча“ номинациясында, “Үч чырак ” командасы “Биз ата-энелерге жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтөбүз” деген теманы тандашып, анда видеоролик, слайд жасап, эки минута убакыт ичинде коргоп, ийгиликке жетишти.
Сынактын 1-турунда 50 команданын арасынан 12 команда 2-туруна катышууга тандалды. 2-тапшырма — ”Жол кыймылынын эрежелери” боюнча тесттик суроолор берилип, мында география, математика, орус тили, тарых жана башка предметтер боюнча тест тапшырып эң жогорку балл 29 болсо, Кыргызстандын командасы 26 балл алышты. 3-тапшырма командалардын чыгармачылыгы боюнча болуп, ага 3,5 минута убакыт берилип, “Үч жарык” командасынын окуучулары бир минутада орус тилинде, бир минута кыргыз тилинде “Манас” эпосунан үзүндү айтып, 1,5 минутада “Жалын бийин” бийлешип, эң жогорку балл алганга жетишишти. 4-тапшырма командалардын спорттук машыгуусу боюнча болуп, велосипед, чуркоо жана башка спорттук көнүгүүлөрдү аткарышып, өздөрүнүн шамдагайлыгын көрсөтүштү. Кароо-сынакка катышкан 50 команданын 200 окуучусу Россиянын “Смена” деген лагеринде токтолуп, бош убактыларында саякаттарга чыгып, шаар менен таанышып көнүлдүү эс алышты, — дейт М.Таштемирова.
КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы таймашта Кыргыз Республикасынын атын чыгарып, жеңишке жетишкен “Жаш жол тескөөчүлөрдү” Ош аэропортунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкери З.Молошев, Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги А.Зикиров, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Р.Назаров, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Д.Маматалиев, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Асанов, Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Э.Эргешов, ата-энелер ж.б. кызматкерлери кубануу менен тосуп алып, ийгиликтери менен куттуктап, белектерин берип, ийрим мугалими Эгембердиева Айгүлгө чоң ыраазычылык билдиришти.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер