ТАЛАСТА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА БЕЛЕКТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 10.12.2018
  • 0

Талас шаары менен Талас району биргеликте майып балдар үчүн майрам уюштурушуп, белектер тапшырылды.

ТАЛАСТА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА БЕЛЕКТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

Маалым болгондой, иш-чарага Талас районунан 26 бала, Талас шаарынан 25 бала катышты. Майыптар күнүнө карата облус аймагында 1 айлык жарыяланган. Анын алкагында Талас району менен Талас шаарынын администрациялары майып балдар үчүн майрам уюштурушту.

Уюштуруучулардын белектеринен тышкары Талас облусунун бир катар мамлекеттик мекемелери тарабынан белектер тапшырылды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер