ТҮШТҮК КОРЕЯДАН КУУГА БЕЛЕК

  • 03.12.2018
  • 0

Түштүк Кореянын Кемен университетинин вице-президенти Ёнгил Ким баш болгон делегация 30-ноябрда Кыргыз улуттук университетинде болуп,  журналистика факультетинин техникалык базасын чыңдоо үчүн 20 миң долларга сертификат тапшырды.

ТҮШТҮК КОРЕЯДАН КУУГА БЕЛЕК

Алгач кореялык коноктор окуу жайдын ректору К.Садыков менен жолугушуп эки окуу жайдын мындан аркы кызматташуу, достук мамилелерди чыңдоо  маселелерин талкуулашты. Андан соң 2017-жылдын 12-июлунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин алкагында журналистика факультетинин теле студиясын жабдуу үчүн 20 миң долларга сертификат тапшыруу аземи болду.

Канат Садыков Кемен университетине жалпы университеттин атынан ыраазычылык билдирип,  эки окуу жайдын кызматташтыгын ушул иш-чаралар тастыктап тургандыгын, журналистика факультетинде эл аралык журналистика адистиги ачылып, ал жакта корей тили негизги чет тили катары окутулуп жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Кемен университетинин вице-президенти Ёнгил Ким Канат Садыковго меймандостук мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, окуу жайдын президенти эки университеттин достук кызматташтыгынын өнүгүшүнө кызыкдар экендигин айтып, Канат Садыковдун Кенен университетине болгон визити ийгиликтүү болгондугун жана анын окуган лекциясы абдан кызыктуу жана пайдалуу болгондугун баса белгилеп кетти.

Журналистика факультетинин атынан ыраазычылык сөзүн профессор Абдиламит Матисаков сүйлөп: — Достук алаканы бийик кармаган кореялык досторубуз көктөн издегенибизди жерден, берешен жүрөктөрүнөн таап берип, журналистика факультетине 20 миң доллар өлчөмүндө каражат белектеп отурушат. Мындай жардамды бизге ким берет?! Мен жалпы эле журналистика факультетинин сүйүнүчүн койнуна батыра албай турган эмгек жамаатынын, студенттеринин атынан кореялык досторубузга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Улуу гуманист, терең ойчул, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси майрамдалып жаткан күндөрү биздин факультетке берген жардамыңыздар өзгөчө символикалуу. Мен ушул аудиторияда отурган студенттерибиздин арасында «болочоктун Айтматову» отурат деген тилектемин. Буюрса, биздин факультеттин телестудиясы жаңы камера, аппаратуралар, жаңы монтаж үстөлдөрү менен камсыз болуп, билим берүүнүн сапаты жакшырат, — деген жылуу пикирин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер