ТҮРКИЯДАН ТОПТОГОН ТАЖРЫЙБА

  • 31.01.2019
  • 0

Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” атындагы мектеп-лицейинин информатика мугалими Мизамидин уулу Бектурган Түркиянын Эдирне шаарындагы Тракия университетинде Өзбекстан, Азербайжан, Кыргызстан жана башка Орто  Азия өлкөлөрүнүн мугалимдери үчүн өткөн “Билимге ачылган терезе: “STEM (Science, Technology, Engineering, Mathematics) окутуусу” тренингге катышып келди.

ТҮРКИЯДАН ТОПТОГОН ТАЖРЫЙБА

Бектурган жаш мугалим, мектепте иштеп жатканына эки эле жыл болду. Ал эки жылдык эмгек жолунда замандан артта калбай, мезгил менен тең жарышып, өз алдынча да билим алууга умтулган мугалим.

  • Эки жылда бала тарбиялоо менен бирге өзүм да тарбияландым. Буга менин жетекчилерим, устаттарым, кесиптештерим себеп боло алды.

Алар мени колдоп, багыт көрсөтүп турушту. Дал ушул сүйүктүү кесиптештеримдин сунушу, жетекчилеридин колдоосу менен Түркияга барып, тажрыйба топтоп келдим. Ал жактан үйрөнүп келендеримди бул жактан кесиптештерим, окуучуларым менен бөлүшүп жаткан учурум”, — дейт Бектурган. —  Ал жактан мен  көптөгөн  билимдерге ээ болдум. Билим берүүдө   мугалим окуткан предмети менен эле чектелип калбастан, ар тараптуу билимдерге ээ болуш керек экендигине ынандым. Бир эле учурда технологияны эң  жакшы өздөштүргөн же окуткан предметин  жакшы билген эмес, бардык предметтерди жакшы өздөштүргөн жана замандын талабына жараша үйрөткөн   эң  мыкты  мугалим болууга максат коюп турам.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер