МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН СЫНАК
- 30.01.2020
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жарыяланган 2020-Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата ОшТУнун экономика жана башкаруу факультети тарабынан 9-11-класстардын окуучуларынын арасында “Кыргызстандын экономикасын кантип өнүктүрүү керек” аттуу сынак жарыяланат.
Сынакка материалдар 2020-жылдын 19-февралына чейин [email protected] электрондук дареги боюнча, же Ош шаары, ОшТУ, Исанов көчөсү, 81, башкы корпус, 410 каанасында кабыл алынат.
Сынактын шарттары: кыргыз жана орус тилдеринде баяндама, дилбаян, эссе, презентация, сунуш түрүндө окуучунун өлкөнүн, региондун, айылдын же кайсы бир тармактын экономикасын көтөрүү боюнча ой-толгоолору жана жеке пикирлери камтылышы керек, кагаз жана электрондук форматта болушу мүмкүн.
Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар (1-орун – 3000 сом, 2-орун – 2000 сом, 3-орун – 1000 сом) жана баалуу белектер менен сыйланат. Сыйлыктарды тапшыруу убактысы жана жери: 2020-жылдын 24-февралы, саат 10-00, ОшТУ, Исанов көчөсү, 81, башкы корпус, 504 аудитория.
Сурап-билүү номерлери: 0778259807, 0706636505
Комментарийлер