СТУДЕНТТЕР СОЦИАЛДЫК ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КЫЗЫГАТ

  • 15.03.2023
  • 0

14-мартта К.Тыныстанов атындагы ЫМУда “3.2.1-Старт!” долбоорунун алкагында маалыматтык сессия уюштурулду.

Ал Coca-Cola Foundation жана “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖАКтын колдоосунда Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан ишке ашырылды. Аталган долбоор өзүн жана коомду өнүктүрүүгө умтулган жаштардын идеяларын колдоо максатын көздөйт.

Программа БУУ тарабынан белгиленген 17 туруктуу өнүгүү максаттарынын ичинен “Таза суу жана санитария”, “Арзан жана таза энергия”, “Татыктуу жумуш жана экономикалык өсүү”, “Климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү”, “Деңиз экосистемаларын сактоо”,  “Жер үстүндөгү экосистемаларды сактоо” деген 6 максатка басым жасоо менен, туруктуу экономикалык өсүш үчүн Кыргызстан жаштарынын арасында социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Студенттер сессияга активдүү катышып, Жаштарды өнүктүрүү институтунун долбоор боюнча координаторлоруна өздөрү кызыккан суроолорду узатышты. Келечекте университеттин студенттеринен командаларды түзүп, аталган программага киргизүү пландалууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер