СПОРТТУК МЕЛДЕШ

  • 13.01.2023
  • 0

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде жалпы мугалимдер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.

СПОРТТУК МЕЛДЕШ

Жалпысынан оюнга 8 кафедрадан бирден команда катышты. Бир команда администрация тобунан түзүлдү. Ошентип 9 команда таймашты. Ар бир кафедрадан күйөрмандар өз командасын кыйкырык сүрөөн менен колдоп, оюнчуларга дем, күч берип жатышты. Жыйынтыгында 9 команданын ичинен 1-орунга администрация командасы татыктуу болду. Чет тилчилер 2-орунду, башталгыч класстар 3-орунду, физиктер 4-орунду ээледи. Бул күнү таймаштын мыкты оюнчулары да аныкталды. Жаныбек к Эркайым (башталгыч класс). Турдумамбетов М. (физик), Сабыр уулу Жайлоо (организатор) уюштуруучулар тарабынан мактоо баракчалары менен сыйланды.

СПОРТТУК МЕЛДЕШ

Айсулуу ОРОЗКАНОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер