ӨСПҮРҮМ КУРАКТАГЫ ЗОМБУЛУКТУН СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ?

  • 11.03.2023
  • 0

ӨСПҮРҮМ КУРАКТАГЫ ЗОМБУЛУКТУН СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ?

Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте окуган 9-класстын окуучусу 1-март күнү өзүнөн бир- эки жаш улуу балдардын ур-токмогунан каза болду. Окуя болгон мектепке Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков барып, жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп, директордун кызматтык  жоопкерчилигин кароону жана тиешелүү кызматкерлерге чара көрүүнү жергиликтүү билим берүү бөлүмүнө тапшырды.

БАРДЫК МЕКТЕПТЕРГЕ САБАК

Жаштар жана окуучулар арасындагы кылмыштуулук, азыркы коомдун эң коркунучтуу жана көйгөйлүү маселеси бойдон калууда. Акыркы мезгилде өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук улам барган сайын, кооптуу жана коркунучтуу нукка өтө баштаганы педагогдорду, жаштар маселелери менен алектенген адистерди жана ата-энелерди тынчсыздандырып, катуу ойго салууда. Жогорудагы үрөй учурган окуя коомчулукту дагы бир ирет селт эттирди. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Замирбек Алымкулов бул окуя жалпы мектептерге сабак болгонун айтат.

— Тилекке каршы, бул кайгылуу окуя баарыбызга сабак болду. Болгон окуяны кырсык деп айтсак да болчудай. Ал окуучулар баланы өлтүрөлү деген эч кандай ойлору жок болсо керек. Кандай болгон күндө да, бардык нерсени укук коргоо органдары аныктайт. Окуя болгон күнү райондук билим берүү бөлүмү комиссия түзүп, ошол мектепке барып, директордун жана тиешелүү мугалимдердин кызматтык жоопкерчилигин караганбыз. Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков да келип, тийиштүү тапшырмаларды берип кетти. Андан сырткары, министрликтен атайын комиссия келип, текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.  Мектеп директору дароо эле моралдык жоопкерчилигин сезип, кызматтан кетүү арызын жазып берген. Азырынча, кызматтан алуу же башка чара колдонуу тууралуу буйрук чыга элек. Бул иштер тергөөнүн жыйынтыгы менен гана кабыл алынат. ИИМдин балдар менен иштөө бөлүмүнүн адистери менен тыгыз иштешип, окуучуларга эле эмес, ата-энелерге дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мындан ары окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу үчүн бардык зарыл иштерди аткарабыз. Профилактикалык түшүндүрүү иштери атайын жүгүртмө менен жума сайын өтүлүп турмай болду, — дейт жетектөөчү адис.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын  басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев окуя боюнча кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

— Учурда бул иш боюнча төрт окуучу тергөө абагына киргизилди. Андан сырткары  кызматтык териштирүүлөр дагы жүргүзүлүп жатат. Райондордогу балдар менен иштөө адистери тарабынан профилактикалык иштердин убагында жүргүзүлбөгөнү аныкталса, тийиштүү чаралар көрүлөт. Албетте, мындай окуя болбошу керек эле, тилекке каршы, ушундай болуп кетти. Бул окуядан кийин өспүрүмдөр арасында профилактикалык түшүндүрүү иштери эки эсе күчөтүлдү. Окуучуларга Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин ар бир беренесин айтып, түшүндүрүп жатабыз. Былтыркы жылдын статистикасын карасак, Жалал-Абад облусу боюнча өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулук, ден соолукка оор залал келтирүү, ж.б.у.с. кылмыштар дээрлик катталбаптыр. Бул окуя чындыгында көйгөйлүү маселе бар экенин билдирди. Мындан ары балдар менен иштөө кызматкерлерине тапшырмалар да, талаптар да катуу коюлду, — дейт.

ӨСПҮРҮМ КУРАКТАГЫ ЗОМБУЛУКТУН СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ?

ТАРБИЯ ҮЙ-БҮЛӨДӨН БАШТАЛАТ

Өспүрүм курак – адамдын эң татаал өсүү мезгили. Бул учур өтө тез өткөнүнө карабастан, ар бир инсан андан аркы тагдырын чечет. Себеби бул куракта мүнөздүн эң оор негизги өзгөрүүлөрү жүрүп, айланадагылардын, коомдун таасири астында калыптанат. Учурда көпчүлүк өспүрүмдөр туура эмес жолдорго барып, улуулардын айткан сөздөрүн укпай, ар кандай кылмыштуу иш–аракеттерди жасайт.

Интернеттен зордук-зомбулук тууралуу маалыматтарды көрүп, ар кандай туура эмес оюндарды ойноп, психологиялык жактан ошол нерсени норма катары кабыл алып калышты. Ушундай жол менен акча тапса, авторитет болсо болот турбайбы деп, өзүнөн кичүүлөрдү же алсыздарды басынтып акча талап кылып, ага көнбөсө зомбулук көрсөтүп, кылмыштуу аракеттерин жасай баштайт.  Балдар психологу Жазгүл Турсунбекова балага тарбияны эң биринчи ата-эне анан мугалимдер бериши керек деп эсептейт.

— Изилдөөлөргө таянсак, кылмыш кылган жашы жете элек балдардын  70 пайызы системалуу түрдө уруш-жаңжал, аракечтик жана тынчтыгы жок үй-бүлөдө тарбияланган балдар болот. Балдарга туура тарбия берүүнү, эң биринчи кезекте, ата-эне колго алышы керек. Анткени бир күндө 24 саат болсо, окуучу ошонун ашып кетсе алты саатын мектепте коротот. Калган 18 саат үйдө же башка жактарда болот. Ошондуктан үй-бүлөдөгү тарбия балдарга абдан чоң таасир берет. Жаштардын кылмышка жакын жүрүм-турумунун психологиялык факторлорунун бири  алардын эмоционалдык жалгыздыгы болуп эсептелет. Көп учурда ата-энелер балдардын курсагын тойгузуу, материалдык кем-карчысын толуктоо менен гана алек болуп, алар менен маектешүү, көйгөйлөрүн угуу сыяктуу нерселерди унутта калтырып коюуда. Өспүрүмдүн кылмыш жолуна түшүүсүнө, өз убагында ата-энелер, коомчулук жана мамлекет тарабынан колдоо албагандыгы да себеп болушу мүмкүн. Бул орчундуу маселени мамлекеттин, мугалимдердин, ата-энелердин жана коомчулуктун бирдиктүү иш-аракеттеринин жардамы менен чечсе болот, — дейт психолог.

ЭКИ МИНИСТРЛИКТИН БИРГЕЛЕШКЕН ТОКТОМУ

Жогорудагы окуяга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлиги биргелешкен токтомго кол койду. Токтомдо эки министрлик биргеликте өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту токтотуу үчүн ар бир мектепке профилактикалык түшүндүрүү иштерин күчөтүп, зордук-зомбулукка каршы биргеликте иш алып барат.

ЖАШТАРГА ТУУРА БАГЫТ КӨРГӨЗӨЛҮ

Зордук-зомбулук, зөөкүрлүк жана мыкаачылык жаштар арасындагы кылмыштуулуктун мүнөздүү чегине айланып бара жатканы коомчулукту ойлонтпой койбойт. Жаштар коомдук коркунучтуулугу боюнча жеңил кылмыш жасап, бирок жасаган кылмышынын изин жашыруу үчүн андан да оор кылмыштарга — адам өлтүрүүгө, денеге оор жаракат келтирүүгө, каракчылыкка барууда. Алар турмуштун чоң жолуна кадам таштабай жатып, өзүн коомдо татыктуу ордун табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга кириптер болууда. Окуучулардын  нормадан сырткары, коомго жат жүрүм-туруму, улуу муундарды гана тынчсыздандырат. Өздөрү бул жашоо образы жөнүндө  ойлоп да коюшпайт жана туура кылып жатабыз деп эсептейт. Буга ким күнөөлүү? Албетте, кылмышкер адамдар күнөөлүү! Адам өлтүрүп, киши тоноп, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартылбай, тескерисинче, кадыр-барк күтүп (авторитет), сайраңдап жүргөн кылмыштуу топторду көрүп, тилекке каршы, азыркыдай зөөкүр, кылмышкер жаштар чоңоюп келе жатат. Алардын ак-караны эми ылгап келе жаткан жаш аң-сезимдери ушундай жаман нерселерге тез бурулуп кетип жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Мисалга алсак, кечээ жакында эле Ош шаарында  болуп өткөн кылмыштуу топтордун окуясы. Чак түштө шаардын ортосунда бири-бирин темир таяк менен чала жан болгуча сабап, бирөөсүн өлтүрүп кеткен окуянын видеосу улуудан баштап кичүүгө чейин резонанс жаратты. Ал кылмышкерлердин бирөө окуучу кезинде спорт менен машыгып, ар кандай мелдештерге катышып, мыкты окуучулардын катарында жүргөн  бала болуп чыкты. Мына ушундай кылмыштуу окуялар кийинки өсүп келе жаткан муунга сөзсүз түрдө көлөкөсүн түшүрөт. Коомчулукта болуп жаткан ар бир кылмыштуу иштерге өзгөчө көңүл бурулуп, укук коргоо органдары кылмышкерлерге татыктуу жазаларын берип турса, жаштарга улуулардан сабак болот.

Фархат КАНЫБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер