СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “БИЗДИН ӨНҮГҮҮБҮЗДҮН НЕГИЗГИ КЕПИЛДИГИ БОЛГОН ЭМГЕК АДАМЫ ЭҢ СЫЙЛУУ ОРУНДУУ ЭЭЛЕШИ КЕРЕК”

  • 03.10.2018
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2-октябрда Кыргызстандын  социалдык-экономикалык,  интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон кыргызстандыктарга сыйлыктарды  тапшырды.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “БИЗДИН ӨНҮГҮҮБҮЗДҮН НЕГИЗГИ КЕПИЛДИГИ БОЛГОН ЭМГЕК АДАМЫ ЭҢ СЫЙЛУУ ОРУНДУУ ЭЭЛЕШИ КЕРЕК”

Президент сыйлыктарды тапшырып жатып адал эмгек, ак ниет аракет  мамлекет тарабынан адилет бааланышы зарыл экендигин белгиледи.

«Эртеби кечпи, эмгек адамы маңдай теринин үзүрүн сөзсүз көрүшү керек. Эл үчүн, коом үчүн жан аябай эмгектенген адамдарды сыйлап алуу, алардын коомдогу ардактуу ордун белгилөө — мамлекеттин милдети. Биз алдыбызга бир топ стратегиялык максаттарды койдук, амбициялуу долбоорлорду белгиледик. Биздин башкы максатыбыз — өлкөбүздү өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү, маданий-социалдык чөйрөнү жакшыртуу. Биздин өнүгүүбүздүн негизги кепилдиги — бул эмгек адамы, коомубузда эмгек адамы эӊ сыйлуу орунду ээлеш керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “БИЗДИН ӨНҮГҮҮБҮЗДҮН НЕГИЗГИ КЕПИЛДИГИ БОЛГОН ЭМГЕК АДАМЫ ЭҢ СЫЙЛУУ ОРУНДУУ ЭЭЛЕШИ КЕРЕК”

Азыркы күндө билим чөйрөсүндө мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп жаткан мектептер, мугалимдер, жогорку окуу жайлар бар экендигин айтып, алардын алдыңкы сабында бара жаткан бир топ мугалимдер «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» деген жогорку наамга татыктуу болушкандыгын баса белгиледи.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “БИЗДИН ӨНҮГҮҮБҮЗДҮН НЕГИЗГИ КЕПИЛДИГИ БОЛГОН ЭМГЕК АДАМЫ ЭҢ СЫЙЛУУ ОРУНДУУ ЭЭЛЕШИ КЕРЕК”

Ош мамлекеттик университети өз каражатынын эсебинен  жаңы 12 окуу корпусун кургандыгын, бул Кыргызстандын башка жогорку  окуу жайларына жакшы үлгү болоорун канааттануу менен белгиледи. Андан сырткары мамлекет башчы жагдайдан пайдаланып, педагогдорду 5-октябрда белгилене турган Мугалимдер күнү менен куттуктады.

Президент өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп, элибиздин сый-урматына ээ болгон белгилүү инсандар мамлекетибиздин  жогорку сыйлыгы — «Манас» орденине татыктуу болушканын баса белгиледи. Бул сыйлыкты алгандардын арасында Кыргыз улуттук агрардык университетинин мал чарбасынын продукциясын өндүрүүнүн технологиясы кафедрасынын профессору Асанбек Абдыкеримов бар. Ал бүт өмүрүн билим берүүгө жана илимге арнап, жүздөгөн айыл чарба адистерин даярдаган. Владимир  Нифадьев — белгилүү окумуштуу, Кыргыз-Россия  Славян университетинин түптөгөндөрдүн бири. Чейрек кылымдан бери ушул университетти жетек теп келет. Ушул эле окуу жайдын профессору Айтбай Казакбаев көп жылдар бою илим менен практиканы ийгиликтүү айкалыштырган таанымал инсан.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “БИЗДИН ӨНҮГҮҮБҮЗДҮН НЕГИЗГИ КЕПИЛДИГИ БОЛГОН ЭМГЕК АДАМЫ ЭҢ СЫЙЛУУ ОРУНДУУ ЭЭЛЕШИ КЕРЕК”

Кыргыз экономикалык университетинин ректору Камчыбеков Төлөбек, Анкара университетинин тил, тарых жана география факультетинин профессору Жумакунова Гүлзура, Ош облусунун Ноокат районундагы «Төөлөс Нуру» балдар бакчасынын башчысы Ураимова Калия «Даңк» медалы менен сыйлангандардын катарында болушту. Ал эми «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наам жети мугалимге ыйгарылса, «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө Эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам үч кызматкерге берилди. Алардын арасында Ош мамлекеттик университетинин ректору Исаков Каныбек да бар.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “БИЗДИН ӨНҮГҮҮБҮЗДҮН НЕГИЗГИ КЕПИЛДИГИ БОЛГОН ЭМГЕК АДАМЫ ЭҢ СЫЙЛУУ ОРУНДУУ ЭЭЛЕШИ КЕРЕК”

Андан сырткары 12 билим берүү кызматкери Президенттин колунан Ардак грамота алышты. Алардын катарында биздин газетанын газетасынын баш редакторунун орун басары Мелисбек Сулайманов да бар. Ал бул кызматта жыйырма жылдан ашуун иштеп келет. Бул аралыкта ал редакциянын чыгармачылык-интеллектуалдык жана материалдык-өндүрүштүк базасын чыңдоого чоң салым кошту.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер