КЕЧЭЭГИ ОКУУЧУ, БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК ЭЭСИ

  • 22.01.2020
  • 0

Чаткал районунун Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебинде окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун жогорулатуу  максатында, аталган  билим уясынан учуп чыккан бүтүрүүчүлөр чакырылып, «Кечээги окуучу, бүгүнкү студент – эртеңки келечек ээси» деген темада жолугушуу өттү.

КЕЧЭЭГИ ОКУУЧУ, БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК ЭЭСИ

Мектептин англис тили мугалими Ж.Момунованын берген маалыматына таянсак,  жолугушууга  К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук  агрардык университетинин Ветеринардык медицина биотехнология факультетинин 1-курсунун студенти Валиев Самарбек, Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин «Информатика жана эсептөө технологиялары» факультетинин 1-курсунун студенттери Турсуналиева Гузел жана Турсунбаева Дильноза, ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинин бүтүрүүчү курсунун студенти Атантаева Айтурган жана  1-курсунун  студенттери Аскаров Максат жана Умарбекова Гульзина  ж.б. келип, мектептин жогорку класстары менен  маанилүү  маек куруп беришти.

КЕЧЭЭГИ ОКУУЧУ, БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК ЭЭСИ

  • Жолугушуунун башталышында алар өздөрүнүн окуучулук күндөрүндөгү эсте калган көз ирмемдерди эске салуу менен баштап, студенттик доордун эң алгачкы күнүн кантип баштан өткөргөндөгү сезимдерин билдиришти. Окуучулар тарабынан окуучулук мезгилби же студенттик күндөр кызык бекен, мектептеги мугалимдер менен жогорку окуу жайдагы мугалимдердин айырмачылыгын, чет өлкөгө чыгып кантип билимдерин өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, дүйнөлүк тил — англис тилинин окуу жайдагы орду, бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрү туурасында  ж.б.у.с.  кызыккан суроолорун беришип, жооп ала алышты. Андан сырткары келген студенттер окуучуларга чөнтөк телефонго азыраак  убакыт бөлүп, көбүрөөк китеп окуп,  дүйнө  таанымдарын кеңейтүүсүн, билимге болгон дитин коюп жакшы окуп ЖТРде жогорку балл алган гана окуучу  бюджеттик орунга ээ болоорун баса белгилеп өтүштү, — дейт Ж.Момунова.

Ошентип жолугушуунун жыйынтыгында мектеп мүдүрү К.Сатыбалдиева жолугушууга келген студенттерге окууларына ийгилик каалап, бул иш-чараны уюштурган тилдик жана искусство усулдук бирикмесинин жетекчиси, англис  тили мугалими  Момунова Жанылайга ыраазычылык билдирди.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”   

 

Бөлүшүү

Комментарийлер