ШААРДЫН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРЫ ТАНДАЛДЫ

  • 02.03.2020
  • 0

Бишкекте 27-28-февраль күндөрү шаар мектептеринин окуучулары 10 предмет боюнча мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын III этабында биринчилик үчүн ат салышты.

ШААРДЫН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРЫ ТАНДАЛДЫ

Уюштуруучулардын айтуусунда,  математика, физика жана химия боюнча жарыш И.Раззаков атындагы КМТУда, информатика Кыргыз-славян университетинде, кыргыз тили жана адабияты, тарых, биология, география, орус тили жана адабияты, ошондой эле англис тили боюнча жарыштар шаардагы №31 мектеп-гимназияда болуп өттү.

Шаардык олимпиаданын тапшырмалары Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалганын айта кетели.

ШААРДЫН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРЫ ТАНДАЛДЫ

Борборубуздагы ЖОЖдордун окутуучу-профессорлорунан, шаар мектептеринин алдыңкы мугалимдеринен турган калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныкташты. Шаардын мыкты окуучулары март айынын аягында болуучу мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV жыйынтыктоочу туруна катышмакчы.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер