«СЕЙТЕК» — БАЛДАРГА БАКЫТ ТАРТУУЛАЙТ
- 30.05.2025
- 0
Бүгүн, 30-майда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган оюн зоок өткөрүүдө.
Иш-чарага Агартуу министрлигинин кызматкерлери да катышууда. Ведомствонун мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова балдарды майрамы менен куттуктап, “Балдар – дүйнөнүн жандуу гүлдөрү. Алар – биздин келечегибиз, байлыгыбыз жана мурасыбыз. Ар бир бала мээримге толгон, бактылуу үй-бүлөдө чоңойсун!” – деди.

Майрамдык иш-чара бүгүн күн бою уланат жана бардык катышуучулар үчүн акысыз. Иш-чаранын максаты – балдардын чыгармачылыгын колдоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоо.
Борборунун чыгармачыл жамааты өзүнүн кичинекей көрүүчүлөрүнө жана конокторуна көптөгөн жаркын бий, вокалдык жана спорттук номерлерден турган шайыр, жылуу концерттик программа тартуулоодо.
Ошондой эле көрүүчүлөр шахмат, оймо, сүрөт тартуу, оригами боюнча мастер-класстарга катышып, улуттук кызыктуу оюндарга күбө болууда. Концерт интерактивдүү кызыктуу оюндар менен да коштолот.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер