“СЕЙТЕКТЕ” ПЕДАГОГ-ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

  • 28.01.2020
  • 0

“Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору менен бирдикте Бишкек шаарынын педагогдору үчүн эки жумалык курс өткөрүштү.“СЕЙТЕКТЕ” ПЕДАГОГ-ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун директору Сабийра Челпакованын айтымында, бул курска 72 саат бөлүнүп, анын ичинен 31 саат лекция жана 41 саат практикалык сабактарга берилген. Курсту жыйынтыктаганда угуучулар суроолорго жооп берип, зачет беришти жана институттун сертификатын алышты.

“СЕЙТЕКТЕ” ПЕДАГОГ-ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

  • Өлкө башчысынын “Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деген Жарлыгы абдан маанилүү. Билим берүү жана илим министринин буйругу менен жакында эле биз Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен бирдикте борбор калаадагы педагог-хореографтардын билимдерин өркүндөттүк. Аталган институт бизге педагогдордун билимдерин өркүндөтүү үчүн бардык укуктарды берди. Ириде биз “Сейтек” борборунун кызматкерлеринин билимдерин жогорулаттык, андан соң гана шаардык педагогдорду чакырып, күчтүү окутуучулар теориялык жана практикалык сабактарды өтүштү, — дейт Сабийра Челпакова. — Эгерде план боюнча биз болгону 16 гана педагогду окутушубуз керек болсо, уккандардын баары келген үчүн биз үч группага бөлүп, 46 педагогду окутканга туура келди. Чыгармачылык борбордон тышкары мектептерден, бала бакчалардан да келишти. Анткени азыр үч жаштан баштап эле бийлей башташпадыбы. Ошондой эле Б.Бейшеналиева атындагы университеттин, К.Молдобасанов атындагы консерваториянын студенттери дагы сабактан кийин келип, окуп, билимдерин өркүндөтүштү. Анткени теориялык лекцияларды алтын сертификаттын ээси, психолог, п.и.к. Т.Калчаева, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу С.Н.Пак балдар менен иштөө тууралуу кызыктуу сабак өтүштү. Ошондой эле КР Маданиятына эмгек сиңирген кызматкерлер, жетекчилер Д.Садыркулов, Э.Латыпов, Г.Шамралиева, Л.Мельникова, К.Көкүмов, Л.С.Кузнецов, М.Мураталиев, А.Акыбаева, А.Токтогазиев, И.П.Соломко, Л.Б.Пантенковалар мыкты сабактарды өтүштү. Эн кызыгы, угуучулар сабак бүткөндөн кийин эле өз бийлерин койгонго жетишишти. Курстун жыйынтыгын дароо эле көрүп аттык,  — дейт жетекчи.
  • “СЕЙТЕКТЕ” ПЕДАГОГ-ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

Курстун угуучулары “Сейтек” борборунун директору С.Челпакованын “Кыргызстанда мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин түптөлүшү”, Т.Калчаеванын “Окуучулар жана алардын ата-энелери менен иштөө спецификасы”, К.Көкүмовдун “Кыргыз бийинин кайра жаралышы”, С.Н.Пактын психология боюнча ж.б. лекцияларын угуп, таасирленип, керектүүлөрүн өздөрүнө кыттай куюп алышты.

“СЕЙТЕКТЕ” ПЕДАГОГ-ХОРЕОГРАФТАР БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

Педагог-хореографтар жыйынтыктоо сабактан кийин таратылган анкеталарга жооп берип, институтка өздөрүнүн методикалык иштелмелерин тапшырышты. Анда бийди коюу сценарийлери, келечектеги пландары камтылды.

Баса, ушул курстун жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим министрлиги “Сейтек” борбору менен бирдикте Улуу ата мекендик согуштун 75 жылдыгына карата даярдык көрө башташты.

  • Аскердик-патриоттук темага байланыштуу хор жана хореографиялык жамааттар ичинде сынак башталат. Ал иш-чара 25-26-мартта өткөрүлөт. Ал эми май айында Ала-Тоо аянтында чоң парад өтөт, “Сейтек” борборунун тарбиялануучуларынын катышуусунда чоң концерт болмокчу. Баса белгилеп кетчү жагдай, быйыл биз курска кыргыз таануу сабагын киргиздик. Анткени кыргыз бийлери коюлат. Педагогдор кыргыз музыкасын түшүнө билиши зарыл. Ошондуктан Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин сабагы угуучулар үчүн өтө таасирдүү жана кызыктуу болду. Анын алып келген дисктерин бир заматта талап кетишти. Ал кыргыз бийине кантип музыканы тандаш керек экенин үйрөттү, — дейт борбордун директору.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер