“САПАТТЫН” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ДҮЙНӨНҮН ЭҢ МЫКТЫ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН КӨЗДӨЙТ

  • 29.12.2018
  • 0

Орхан ИНАНДЫ

Эл аралык “Сапат” билим берүү  мекемесинин президенти

“САПАТТЫН” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ДҮЙНӨНҮН ЭҢ МЫКТЫ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН КӨЗДӨЙТ

2018-жылы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесине караштуу лицейлердин ар бир экинчи бүтүрүүчүсү дүйнөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайларына өттү. Бул окуучуларды чет мамлекеттеги эң мыкты жогорку окуу жайларында окууга даярдоо боюнча “College Counseling” программасынын үзүрлүү натыйжасы болуп саналат.

“Сапаттын” лицейлеринде “College Counseling” программасы аркылуу окуучуларды чет мамлекеттеги эң мыкты жогорку окуу жайларында билим алууга багыт берүү иштери өзүнүн жакшы натыйжаларын берип жатат. Ар бир лицейде бул кызматты алып баруу үчүн адистер иштешет. Бүтүрүүчүлөр “College Counseling” программасы аркылуу педагогдордун жетекчилиги менен Toefl, SAT, Essay боюнча мыкты даярдыктардан өтүштү. 2018-жылдын жыйынтыгы менен “Сапат” лицейлерин аяктаган 767 бүтүрүүчүнүн ичинен 315 чет өлкөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайларына өтүштү. Тагыраак айтканда, дүйнөнүн эң мыкты 100 университетине (TOP 100 Universities) – 25 бүтүрүүчү кабыл алынды, Америка Кошмо Штаттарына – 43, Канада – 17, Англия – 6, Гонконг – 16, Корея – 3, Сингапур – 5, Польша – 47, Кытай – 32, Германия – 6, Венгрия – 7 ж.б. Бул программанын негизинде бүтүрүүчүлөрдү дүйнөнүн эң алдыңкы жогорку окуу жайларына даярдоо уланмакчы.

“САПАТТЫН” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ДҮЙНӨНҮН ЭҢ МЫКТЫ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН КӨЗДӨЙТ

Силк Роад Интернешнл Скул” эл аралык мектебинин бүтүрүүчүсү Баякматова Арууке дүйнөлүк рейтингдеги жүз алдыңкы университеттин тизмесинде 43-орундагы Нью-Йорк университетине ийгиликтүү өттү.

2018-жылы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин 14 окуучусу Жалпы республикалык тестирлөө сынагынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алышты. Алтын сертификат алган (219 баллдан жогору) бүтүрүүчүлөрдөн тышкары Кыргызстан боюнча жогорку балл алган (210-218 балл) үч окуучубуз Ардак грамотасы менен бирге баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгынын алкагында “Сапат” лицейлеринин окуучуларынын жана мугалимдеринин арасында чоң фестиваль болуп өттү. Фестивалда окуучулар алты багытта өздөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтө алышты, ал эми мугалимдер “Өз кесибинин устаты” сынагында мыкты сабактын иштелмелери, илимий багытта жазылган макалаларды даярдай алышты. Фестивалдын жыйынтыктоочу иш чарасы Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде өтүп, кечеге мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, үй-бүлө мүчөлөрү, ата-энелер жана лицейдин окуучулары катышты.

“САПАТТЫН” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ДҮЙНӨНҮН ЭҢ МЫКТЫ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН КӨЗДӨЙТ

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси окуучулар арасында жыл сайын робототехника боюнча олимпиада өткөрүп келатат.

2018-жылдын 18-октябрында «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Канаданын алдыңкы Уотерлу университети (University of Waterloo) менен билим берүү жаатында кызматташуу келишимине кол койду. Келишимге ылайык, «Сапаттын» мугалимдери TESOL сертификаттарын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

2018-жылдын 20-декабрында «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси алдыңкы Гонгконг шаардык университети (CityU) менен билим берүү жаатында кызматташуу келишимине кол койду. Азыркы учурда бул окуу жайда биздин жети бүтүрүүчү билим алып жатат. Кызматташуунун алкагында “Сапаттын” алты бүтүрүүчүсү бул университетте түрдүү стипендиялык программалар менен окуй алышат.

Урматтуу Кыргызстандыктар, учурдан пайдаланып, баарыңыздарды кирип келген Жаңы 2019-жылы менен чын дилимден куттуктайм. Жамандыгынан жакшылыгы көп болгон 2018-жылды узатып жатып, баарыңыздарга бекем ден-соолук, узун өмүр жана кажыбас кайрат каалайм.

Жаңы жыл көкүрөгүбүздө катылган изги ойлордун, жакшылыктардын, ыдырагыс ынтымактын, алдыбызга коюлган максаттар менен жаркын үмүт тилектердин аткарылган жылдарынан болсун. Айкөл кыргыз элинде береке орносун, жерибизде тынчтык болсун.

Бөлүшүү

Комментарийлер