РПККЖ: КУРСТУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ, ФОРМАТЫ ЖАНА ПЛАНДАР
- 20.06.2025
- 0
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директорунун орун басары Нурбек ЖООШБАЕВ “Жаңылык жарчысы” педагогикалык форумдун катышуучуларына жаңы окуу жылына карата мугалимдер өтүүчү курстардын өзгөчөлүктөрү жана форматтары тууралуу берди.
— Нурбек агай, мугалимдер эс алуу учурунда билимдерин жогорулатышат дедиңер эле. Качан жана ким окутат?
— Форумда ар кандай маселелерге токтолуп, анын ичинде курстардын өтүү форматтары, алдыдагы пландар жана биздин курстардагы өзгөчөлүктөр, ар бир район, шаар, мектептер менен иштөөдөгү иш-аракеттерибиз тууралуу бөлүштүк. Алдыга коюлган пландарга токтоло турган болсок, үстүбүздөгү жылдын 14-июлдан 18-июлга чейин сингапурдук кесиптештер келип, биздин 270 мастер-тренерге сабак өтүп кетишет. Ал эми биздин жергиликтүү мастер-тренерлер 28-июлдан тартып STEM, башталгыч класстардын жана англис тили сабагынын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун үстүндө иш алып барышат.
— Форумдун жүрүшүндө эмнени байкадыңыз?
— Форумдун катышуучуларына биздин институт, Кыргыз билим берүү академиясы ж.б. мекемелер тарабынан мугалимдердин бардык суроолоруна тиешелүү жооптор берилип, куралдар менен камсыздалды. Эки күндүк форумдун жүрүшүндө ачык, жандуу талкуулар болду. Мектеп мугалимдери, тарбия иштери боюнча орун басарлар менен байланышып, жер-жерлердеги болуп жаткан көйгөйлөрдү угуп, ошол эле кезде мугалимдер берген суроолоруна тийиштүү жетекчилерден жооп ала алды деп эсептейм.
— 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин, алган билимдерин мугалимдер кесиптештерине кандай форматта жеткиришет?
— Форум үч этапка бөлүнүп, үч агым менен жүрүп жатат. Ар биринде 200дөн, т.а. жалпы жонунан 600 мугалимди даярдадык. Булар мектептерине барып, 12 жылдык мектептик билим берүү түзүмүнө өтүүдөгү элде жаралган суроолорго жооп берүү жана жаңы окуу жылына карата даярдык, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Ал боюнча жасалган иштердин жалпы жыйынтыгын биздин институтка тапшырат. Биз кезегинде аны жыйынтыктап, министрликке беребиз.
— Сингапурдук кесиптештер жергиликтүү мастер-тренерлерге тренинг өтүшөт. Андан сырткары август айында да окутуулар жүргүзүлөбү?
— Ооба. 28-июлдан баштап, август айы ичи окутулат. Андан сырткары ар чейрек сайын, каникул учурунда мугалимдер атайын окуудан өтүшөт. Онлайн да, офлайн да окулат.
— Жыйынтыгын чыгарып турасыздарбы?
— Албетте, кайсы региондо окуулар өтүлдү, кайсы багытта болуп жаткан иштер тууралуу өз учурунда жарыялап турабыз.
Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер