РОССИЯДА ОКУГАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ СИСТЕМАСЫНА КИРҮҮ УКУГУНА ЭЭ БОЛОТ

  • 17.01.2023
  • 0

РОССИЯДА ОКУГАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ СИСТЕМАСЫНА КИРҮҮ УКУГУНА ЭЭ БОЛОТ

2023-жылдын январынан тарта Россиянын жогорку окуу жайларынын күндүзгү бөлүмүндө окуган кыргыз жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына кирүү укугуна ээ болот. 

Маалыматка ылайык, бул үчүн студенттер Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө убактылуу жашоого уруксатын алуу үчүн кайрылышы зарыл.

Студенттерге мындай мүмкүнчүлүк Россиянын миграциялык мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөрдүн алкагында берилди.
Бүгүнкү күндө Россиянын жогорку окуу жайларында 8,5 миңден ашуун кыргыз жараны билим алууда. Бул тууралуу  «Кабар» маалымат агенттиги кабарлады.

Ч.Кийизбаева, «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер