РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: II ЭТАП 19-ЯНВАРДА БАШТАЛАТ

  • 13.01.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылында окуучулардын республикалык олимпиадасынын II (райондук) этабы 19-20-январда өткөрүлөрүн маалымдайт.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: II ЭТАП 19-ЯНВАРДА БАШТАЛАТ

Райондук этапка мектептик баскычта 1-2-3-орунду алган окуучулар катышат.

Олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт.

Олимпиада күндөрү жер-жерлерде олимпиаданын жүрүшү боюнча суроолорго жооп берүү жана чараларды көрүү үчүн министрликте ыкчам байланыш телефондору иштейт.

Байланышуу үчүн телефондор: 0312 66 23 70, 0701 74 48 03 (ватсап)

Бөлүшүү

Комментарийлер