“РЕСПУБЛИКА ШКИД” — ЧЫНЫГЫ АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР

  • 28.01.2020
  • 0

“Республика ШКИД” балдардын жана өспүрүмдөрдүн театры Москва шаарында сырттан өткөн “Үчүнчү коңгуроо” балдардын театралдык фестивалына катышып, “Балдар согуш ойношкон” спектакли 3-орунга илинсе, дагы эки спектакли дипломант болуп, 1 спектакль ардак грамотага татыктуу болду. Ал эми Алматы шаарында өткөн эл аралык инклюзивдүү фестивалда балдар театрынын “Дүйнө айланасында” спектакли гран-прини утуп алды.“РЕСПУБЛИКА ШКИД”  - ЧЫНЫГЫ АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР

“Республика ШКИД” балдардын жана өспүрүмдөрдүн театрынын директорунун орун басары Дмитрий Сушконун айтымында, жогоруда айтылган эки шаарда өткөн фестивалдарга Кыргызстан биринчи жолу катышты.

“РЕСПУБЛИКА ШКИД”  - ЧЫНЫГЫ АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР

  • “Балдар согуш ойношкон” спектаклди көргөндөн кийин уюштуруучулар бизди 9-майга Санк-Петербургга чакырышты. Москвада өткөн фестивалга КМШ өлкөлөрүнөн 68 балдар театры катышкан. Биз Кыргызстандын маданиятын көрсөткүбүз келет. Биз чыныгы академиялык театрбыз, актерлор жалаң балдар. Балдар темасын чагылдырганда аны балдар гана ачып бералат, — дейт Д.Сушко.
  • “РЕСПУБЛИКА ШКИД”  - ЧЫНЫГЫ АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР “РЕСПУБЛИКА ШКИД”  - ЧЫНЫГЫ АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР “РЕСПУБЛИКА ШКИД”  - ЧЫНЫГЫ АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР

“Республика ШКИД” балдар театрынын уюштурулганына быйыл беш жылдын жүзү болду. Ушул жылдар аралыгында окуучу-актерлор көп ийгиликтерге жетишти.

  • Маданият жана искусство жаатындагы келишимдерди түзүүдө жана байланыштарды бекемдөөдө биздин театр платформа болуп келет. Акыркы беш жыл ичинде биз Жамбыл облустук драмтеатр менен кызматташып келатабыз. Алар менен бирге россиялык театрлардын сынактарына, фестивалдарына бирге катышып келдик. Маселен, А.П.Чеховдун туулган күнүнө карата өткөрүлгөн фестивалда 2-орунду ээледик. Негизи театрдын башталышы Бишкектеги №9 гимназиянын базасында уюштурулган. Андан соң Бишкек гуманитардык колледждин студенттери келе башташты. Азыр театрда 70 чукул жаш актерлор. Быйылтан баштап театралдык академия ачуу долбоорун баштадык, — дейт директордун орун басары.

Эми жаш актерлор сертификат алып, мектепти бүткөндөн кийин Кыргызстан, Казакстан, Россиядагы белгилүү театралдык окуу жайларга өтө алышат.

Өткөн жылы Г.Айтиев атындагы музейде балдар театры Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата  “Бардыгы адамдарга калат” деген реквием-спектакли, “Ленинград блокадасы” спектакли аншлаг менен өткөнүн балдар өздөрү айтышууда. Бүгүнкүгө чейин мектептер бул театрдын актерлорун чакырып, спектаклдерди коюп берүүнү өтүнүшүүдө.

  • Биздин планыбызда Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев сыяктуу белгилүү адамдардын өмүрү тууралуу жаштарга, өспүрүмдөргө айтып бергибиз келет. Анткени жаштар билиши керек искусство, маданият тармагында кандай залкар, алп адамдар жашагандарын. Мисалы, С.Чокморовду көргөндөн кийин бизге азыркыга чейин жаштардан кат келип атат. Ушундай адам болгонун биз билбептирбиз деп айтышууда, — дейт Дмитрий Сушко.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер