ПРОКУРАТУРА: КАРАКОЛДО ЖАҢЫ ЖОЛ ЖАРЫМ ЖЫЛГА ЖЕТПЕЙ БУЗУЛГАН
- 13.07.2023
- 0
Караколдо реконструкцияланган жол жарым жылга жетпей бузулган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Каракол шаарындагы Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында дирекциянын айрым кызмат адамдары кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалып, 6 айга жетпей бузулган. Мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом зыян келитирилгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча 337-берене менен («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бөлүшүү
Комментарийлер