ПРЕЗИДЕНТКЕ КАТ ЖАЗГАН ОКУУЧУНУН КЫЯЛЫ ОРУНДАЛДЫ

  • 20.12.2018
  • 0

Президент Сооронбай Жээнбековго кат жазган аксылык окуучу кыялындагы белекке ээ болду.

ПРЕЗИДЕНТКЕ КАТ ЖАЗГАН ОКУУЧУНУН КЫЯЛЫ ОРУНДАЛДЫ

ПРЕЗИДЕНТКЕ КАТ ЖАЗГАН ОКУУЧУНУН КЫЯЛЫ ОРУНДАЛДЫ

Аксы райондук администрациясынан билдиришкендей, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Т.Мавлянов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Аймедин Абдыжапарова жаңы жыл алдында Президентке кат жазган. Окуучу Президенттен уюлдук телефон алып берүүсүн суранып, телефонду дүйнө тануу үчүн колдонорун жазган. Аймедин Кыргызстандын келечеги кең экенине ишенерин айтып, өлкө башчыга каалоо-тилегин да билдирген.

Окуучуга президент Сооронбай Жээнбеков «Huawei P Smart» үлгүсүндөгү телефон берип жиберген. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева окуучуга тапшырды. Мындан сырткары мектепке Чыңгыз Айтматовдун 10 томдук китеби берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер