30-ИЮЛЬ — УЛУТТУК АЗА КҮТҮҮ КҮНҮ ДЕП ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 27.07.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын (мындан ары — коронавирус инфекциясы) жайылышын пандемия деп жарыялады.

Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештерибиз илдеттен каза тапты. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду.

Каза болгондорго аза күтүү менен, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат:

Коронавирус инфекция пандемиясынан каза тапкан жарандарды эскерүү үчүн Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын.

Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн.

Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер