ПРЕЗИДЕНТ ОКУУЧУ КЫЗДЫН  ӨЛТҮРҮЛҮШҮ БОЮНЧА КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

  • 06.09.2022
  • 0

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районунда окуучу кыздын зордукталып, өлтүрүлүшү боюнча кайрылуу жасады.

 

Ал фейсбуктагы баракчасына жаш кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы зээн кейиткен окуя экенин экенин айтып, муну жектөөгө чакырды. Ошондой эле Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге зордук-зомбулуктардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырганын билдирди.

— Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан, — деди Жапаров.

Президент жакында нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу Жарлык кабыл алганы бекеринен эмес экенин, бул коомду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүктү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет экенин билдирди.

— Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот, — деди Жапаров.

Эске сала кетсек, 4-сентябрда Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон секелек кыздын сөөгү табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну К.А. аттуу мектеп окуучусу экени аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалган.

Соцтармактарда жарыяланган маалыматка таянсак, кармалган 1997-жылы туулган М.Ш.,1995-жылы туулган Г.Д. жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын «Хундай-Соната» үлгүсүндөгү унаа далил катары алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер