ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИКТИН РЕСУРСТУК БОРБОРЛОРУН УЮШТУРУУ ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК ЧЫКТЫ

  • 16.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 14-мартта “Педагогикалык чеберчиликтин ресурстук борборлорун уюштуруу жөнүндө” буйрукка кол койду.

ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИКТИН РЕСУРСТУК БОРБОРЛОРУН УЮШТУРУУ ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК ЧЫКТЫ

Буйрук алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жана инновациялык методологияларды жайылтуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана педагогикалык кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына 1-апрелден тартып өзүнүн базасында бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарынын эсебинен Педагогикалык чеберчиликтин ресурстук борборлорун түзүүгө укук берилет.

Кыргыз билим берүү академиясына эксперттерди жана жарандык чеберчиликтин өкүлдөрүн тартуу менен ресурстук борборлор жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу тапшырылды.

Билдирүүнүн формасы

Бөлүшүү

Комментарийлер