ПАНДЕМИЯ МЕЗГИЛИНДЕ ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛГА БАЙЛАНЫШТУУ ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫНЫН 3-ТУРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ДЕП ТААНЫЛДЫ

  • 10.07.2020
  • 0

Буга чейин окуучулардын Республикалык олимпадасынын мектептер аралык, аймактык, райондук жана областтык туру 17 предметтен өткөн. Облустук турда  I, II жана III орундарга ээ болгон 483 окуучу 2019-2020-окуу жылынын мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлѳрү деп таанылды.

Бул чечим ѳлкѳдѳ түзүлгѳн эпидемиялык кырдаалга байланыштуу окуучулардын олимпиадага толук кандуу даярданууга мүмкүнчүлүгү болбогондугун эске алып, эң негизгиси алардын ден соолугуна кам кѳрүү, алардын билимин жана кызыкчылыгын колдоо максатында кабыл алынды.

 Облустук турда орун алгандар:

  • I орун — 160 окуучу;
  • II орун — 162 окуучу;
  • III орун — 161 окуучу.

I орунду алган 160 окуучу ноутбук жана диплом, II жана III орунду ээлеген  окуучулар дипломдор менен сыйланышат. Ошондой эле 281 окуучу ЖОЖдорго олимпиаданын предмети дал келген адистиктерге тапшырууда жеңилдик алат.

2020-жылдын 27-28-февралында Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Каракол, Талас шаарларында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын III этабы болуп ѳткѳн. Ага бардыгы болуп 1978 окуучу катышкан.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер