ОШТУНУН АЙЫМДАРЫ “КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 100 ОКУМУШТУУ АЙЫМ” КАТАРЫНДА
- 21.11.2023
- 0
Ош техникалык университетинде Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан “Аялдар илимде жана инновациялык билимде” аттуу Борбор Азиялык форуму өткөрүлдү.
Аталган форумга Кыргызпатенттин “Илимдеги аялдар” долбоорунун алкагында “Окумуштуу аял” номинациясынын жеңүүчүсү т.и.к., доцент Ж.К.Ирматова, “Илимдеги аялдар командасы” номинациясынын жеңүүчүлөрү э.и.к., доцент А.М.Хамзаева, э.и.к., доцент С.У.Астанова., э.и.к., доцент К.Т.Самиева, э.и.к., доцент П.К.Алишева, э.и.к., доцент Ч.М.Эргешова катышып келишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ж.К. Ирматова ОшТУдагы илим-изилдөө иштеринин абалы боюнча баяндама жасады. Ошондой эле, “Илимдеги аялдар — өзгөрүүнүн кыймылдаткыч күчү” китебинин бет ачары болуп, форумдун катышуучуларына белек катары таратылды.
Белгилей кетсек, “Илимдеги аялдар — өзгөрүүнүн кыймылдаткыч күчү” китебинде Кыргызстандагы 100 окумуштуу айымдын илимий жетишкендиктери киргизилген, анын он экиси ОшТУнун Кыргызпатент менен иштеген изденүүчү айымдары болуп саналат.
Комментарийлер