ОШТУДА ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРГА АРНАЛГАН СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 30.03.2023
  • 0

Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен “Жаш окумуштуулардын илимий-инновациялык ишмердүүлүгү” аталышындагы илимий-практикалык семинар болуп өттү.

ОШТУДА ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРГА АРНАЛГАН СЕМИНАР ӨТТҮ

Семинар жаш илимпоздордун илимий ишмердүүлүгүн координациялоо, долбоорлорго катышуу боюнча консультация берүү, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгын өндүрүшкө интеграциялоо, эл аралык библиографиялык маалымат базаларын колдонуу жана бизнес долбоорлорду реализациялоо маселелерине арналды.

Иш-чарага ОшМУнун жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы Э.К.Сагынбаев, өндүрүштүн өкүлү катары — Алайку Органикс ЖЧКсынын башкы директору А.М.Маметжанов, ОшТУнун жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы Калыс Кошмамат уулу катышты.

 

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер