ОШТУДА IV ИЛИМИЙ СЕССИЯ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- 24.01.2020
- 0
Ош технологиялык университетинде 14-январда башталган илимий-изилдөө лабораториялардын, кафедралардын жана факультеттердин 2019-жылдагы илимий ишмердүүлүктөрүнүн жетишкендиктерин жана келечектеги милдеттерин талкуулоого арналган IV илимий сессия 24-январда жыйынтыкталды.
Сессиянын негизги максаты — илимий-изилдөө лабораторияларда, кафедраларда, факультеттерде аткарылган илимий-изилдөө иштерди, илимий жетишкендиктерди анализдөө жана баа берүү.
Анда илим-изилдөө лабораториялардын, кафедралардын, факультеттердин 2019-жылдагы илимий-изилдөө иштеринин аткарылышы каралды жана келечектеги негизги приоритеттүү илимий багыттары талкууланды.
Бөлүшүү
Комментарийлер