ОШТУДА ХЭЛЛОУИН МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 31.10.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинде Хэллоуин майрамы болуп өттү. Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чара Америка маалыматтык-ресурстук борбору, дүйнөлүк тилдер кафедрасы жана компьютердик лингвистика кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын студенттери жана окутуучулары катышты.

Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо, аларды англис тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүү, өздөрү окуп жаткан тилдин өкүлдөрү болгон элдердин маданиятын, каада-салтын терең өздөштүрүүгө багыттоо болуп саналат.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.

Жыйынтыгында катышуучулардын актёрдук чеберчиликтери бааланып, грамота жана баалуу белектер тапшырылды.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер